Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

Жапаров Орусиядан кийин Азербайжанга барды


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Москва, 2-июль 2025-жыл.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин. Москва, 2-июль 2025-жыл.

Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапарынан кийин Экономикалык кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Азербайжандын Ханкенди шаарына барды.

Учурда Орусия менен Азербайжандын алакасы сууп турган маалда кыргыз президентинин эки өлкөгө тең барышы коомчулукта ар кандай талданууда.

Мамлекет башчынын администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдиргендей, иш-чара 3-4-июлда өтүп жатат.

“Саммиттин темасы – “Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы” деп аталат. Саммитке уюмга мүчө мамлекеттердин – Ооганстан, Азербайжан, Иран, Пакистан, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт башчылары катышат”, - деди Абдумуталип.

Саммитте климаттын өзгөрүшүн алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланат.

Иш сапардын жүрүшүндө Азербайжандын Агдам районунда кыргыз тарап курган “Айкөл Манас” мектебинин расмий ачылышы болот.

Баку менен Москва ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесиндеги рейдде эки адам кармалган.

Жапаров Москвага эмнеге барды?

Мындан бир күн мурда Жапаров иш сапары менен Москвада болуп, орус лидери Владимир Путин менен жолугушкан. Администрациядан билдиргендей, тараптар гуманитардык, экономикалык-социалдык жана башка тармактагы кызматташтыктар талкууланды.

Президенттик администрация эки өлкөнүн алакасындагы маанилүү маселелер талкууланарын билдиргени менен сапардын түпкү максаты эмне экени белгисиз болуп турат. Жапаровдун сапары Москва мигранттарга карата чараларды катаалдаштырып, мигранттарга мамиледен улам постсоветтик мейкиндиктеги айрым өлкөлөр нааразылык билдирип жаткан учурга туш келди.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапар менен барары бир күн мурда белгилүү болду. Ага чейин кыргыз президентинин Москва сапары тууралуу маалымат айтылган эмес.

2-июлда орус баш калаасына барган Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Кремлдеги жолугушууда Садыр Жапаров кыргыз-орус алакасында бири-бирин түшүнүшпөгөн жагдайлар жок экенин билдирди.

“Сиз менен кайрадан көрүшүп жатканыма кубанычтамын. Жылуу кабыл алганыңыз үчүн ыраазылык билдирем. Бүгүн эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк болуп турат. Кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгү менен союздаштыгынын алдыдагы өнүгүүсү боюнча пикир алышабыз деп ишенем. Биздин өлкөлөр ортосунда толук түшүнүшүү жана ишеним бар. Саясий каршылаштыгыбыз жок”.

Орусиянын президенти Владимир Путин экономикалык жана инвестициялык кызматташтык туура нукта баратканын айтты. Кыргызстанда орус тилин жайылтууга жакшы шарттарды түзүп бергени үчүн кыргыз бийлигине ыраазылык билдирди.

“Биз кызматташтыгыбыздын гуманитардык чөйрөсүнө да жетиштүү көңүл буруп келатабыз. Сөз биринчи кезекте билим берүү жөнүндө болууда. Кыргызстандын 43 мектебинде Орусиядан барган 200 мугалим иштеп жатат. Жакында сиз менен мектептин курулушун баштадык, планыбызда орус тилинде окуткан мектептердин санын көбөйтөбүз. Орус тилине өзгөчө макам бергениңиз үчүн ыраазылык билдирем. Бул бизге башка багыттарда, анын ичинде экономикада натыйжалуу иштегенге шарт түзөт”.

Кремлдин картасы - мигранттар

Жапаровдун сапары Москва миграциялык саясатын катаалдаштырып, ал аркылуу постсоветтик өлкөлөргө таасирин арттыруу аракети күчөп турган маалга туш келип турат.

Орус-азербайжан мамилеси учурда буга чейин болуп көрбөгөндөй курчуп, бири-биринин жарандарын кылмышка шек санап кармоо жана уруп-согуу менен коштолууда.

Борбор Азиядан барган мигранттарга да орой мамиле күчөгөндүктөн, Өзбекстан өз жарандарына жөндүү мамиле кылууну талап кылып келет.

Кыргыз мигранттарынын да Орусиядагы шарты катаалдап, анын чечилиши Бишкектин кайратына байланып турган кези.

Апрель айында Орусиянын укук коргоо органдары мончодо отурган кыргыз жарандарын күч колдонуп, катуу уруп-согуп кармап кетишкен. Бул окуяга байланыштуу кыргыз тарап Орусиядан түшүндүрмө сураган.

Бул окуядан көп өтпөй Кыргызстандын күч органдары да Оштогу “Орус үйү” уюмунун кызматкерин, Ош мэриясынын кызматкерин жана дагы эки орус тектүү жаранды кармаганы орус медиасында кеңири чагылдырып, бир топ түкшүмөл ойлорду пайда кылган.

Өткөн жумада ЖККУнун жыйыны менен катар Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга сапар менен келип, Москва Батыш менен кармашып жатканда Кыргызстандын тыгыз мамилесин кубаттай турганын билдирген.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбай Москва постсоветтик чөлкөмдө алсырап бараткан таасирин кайра кайтаруу амалын издеп жатканын айтты:

“Азыркы учурда Орусия Федерациясы жалпы постсоветтик чөлкөмдө таасирин жоготууда. Украинада жоготту, Грузия, Армения, мына эми Азербайжан менен болгон алакасы дагы бузулду. Өмүр бою коркутуп-үркүтүп, түздөн-түз буйрук берүү мүмкүн эмес. Муну жакында эле Азербайжан менен болгон окуя дагы далилдеп турат. Орто Азия чөлкөмү дагы өмүр бою Орусиянын сөздөрүн аткара бербейт. Өзүнүн саясий жолун, саясий келечегин аныктай баштайт. Борбор Азияны ала турган болсок – Өзбекстанда болгон аракеттер, Казакстанда болуп жаткан аракеттер, мисалы Кыргызстанда кыргыз тил маселеси көтөрүлүп, кыргыз тилдин абалын дагы да бекемдөө аракеттери. Ушунун бардыгы биз дагы өзүбүздүн улуттук иденттүүлүгүбүздү бекемдөөгө болгон аракетибизден кабар берет. Бул сөзсүз түрдө Орусия Федерациясына жакпайт”.

Орусия кыргыз рыногуна негизинен мунай өнүмдөрүн, курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, дан азыктарын, дары-дармекти жана турмуш-тиричилик каражаттарын сатат. Кыргызстан Орусияга көбүнчө айыл чарба продуктылары менен жеңил өнөр-жай товарларын экспорттойт. Соңку кездердеги геосаясий кырдаалга байланыштуу жеңил автоунааларды, ар кандай жарак-жабдыктарды, технологиялык тетиктерди жана өзгөчө маанилүү товарларды башка өлкөлөрдөн алып келип, реэкспорттоо да активдешкен.

Кыргызстандын келечек муунун тил аркылуу тартуу стратегиясы

Аны менен катар, соңку учурда Орусия гуманитардык чөйрөдө Кыргызстанга таасирин бекемдеп жатканы байкалат. Эки өлкө ортосунда маданий жана билим берүү жаатындагы кызматташтык өтө тыгыз. Евразия экономикалык мейкиндигинде чогуу турганына карабай орус бийлигинин кыргыз мигранттарына мамилеси улам катаалдашып барат. Кыргызстандагы орус тили, билим берүү маселелерин өнүктүрүүдө Бишкектин иш-аракеттерине кызуу кийлигишип, орус стандарттарына шайкеш келтирүүгө жан үрөп жатат.

Расмий маалыматтарга караганда, Орусия Кыргызстанда тогуз мектеп куруп, аларда орус тилинде билим берүүгө даярданып жатат. Кремл соңку жылдары орус мугалимдерин Кыргызстанга жиберип, билим берүү стандарттарын жергиликтүү мектептерге жайылтууну да практикалап келет.

Кыргыз-Орус Славян университетин реформалап, ага ири кампус куруу башталган. Окуу жайдын камкорчулар кеңешин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев башкармай болду.

Саясат талдоочу Айбек Теңизбай Украина менен чатагынан кийин Орусия өзүнүн сясатын өнөктөштөрүнө күч колдонуу, коркутуп-үркүтүү аркылуу таңуулоо мүмкүн эместигин түшүнүп, замандын чакырыктарын кабыл алууга мажбур болуп жатканын айтат. Мындан улам Москва Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда билим берүү, маданият тармагындагы таасирин күчөтүп, “жеңил күч” ыкмасын колдонууга өткөнүн белгилейт.

"Ушундай кырдаалда Орусия таасирин дагы да арттырууга, саясий илимде “жеңил күч” деп коёт, так ошондой ыкмалар менен мурунку абалга алып келүүгө аракет көрүүдө. Орусиянын саясий таасири дагы, экономикалык таасири дагы өтө чоң. База катары билим берүү, маданият тармагы турат деген ойдомун. Тышкы саясатты эске ала турган болсок, сөзсүз түрдө Кыргызстан өзүнүн жол картасын, өзүнүн жолун, өзүнүн оюн Орусия Федерациясынын жалпы саясатына ыңгайлуураак кылгандай кылып жүргүзүүдө. Бул дагы Орусиянын ошол таасиринен кабар берет. Ошол себептен улам алар сындап келүүдө. Ошол себептен орус тилинин, Орусия тарыхынын Кыргызстандагы ордун дагы да арттырууга аракет жасап жатышат. Бул жолдо ошол эле билим берүү мекемелери эң чоң курал болуп берет”.

Эксперт Орусия согуштан улам алсырап жатканда Борбор Азия чөлкөмүндө кандайдыр бир боштук пайда болгонун, аны Кытайга же Батышка алдырып ийбеш үчүн, саясий таасирин мурунку калыбына кайтарууга күч-аракетин жумшап жатканын айтат.

Кыргызстан Кремлдин таасириндеги Евразия Экономикалык Биримдиги, Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму өңдүү интеграциялык түзүмдөрдө мүчө.

Эсептеп көрсөк, 2021-жылдын башында президент болуп шайлангандан бери Садыр Жапаров Орусияга 13 жолу расмий жана иш сапар менен барган. Бул жылы Путин менен 26-27-июнда Минскиде өткөн Жогорку Евразиялык кеңештин жыйынында кездешкен. Ага чейин 9-майда Москвада өткөн Жеңиш парадына катышууга барганда да жеке жолугушкан.

Учурда Орусия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөшү бойдон калууда. Эки өлкөнүн жылдык соодасынын көлөмү 3,5-4 млрд долларга жетет. Кыргызстан тышкы соодасынын дээрлик ¼ (төрттөн бирин) Орусия менен жүргүзөт.

Шерине

XS
SM
MD
LG