Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Сот Канышай Мамыркулованы алты жылга кесип, төрт жылдык пробация менен абактан бошотту


Канышай Мамыркулова
Канышай Мамыркулова

3-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту эркин журналист Канышай Мамыркулованы күнөөлүү деп таап, алты жылга кесип, төрт жыл пробация жазасы менен абактан чыгарды. Үч жарым айдан бери тергөө абагында отурган журналист сот залынан бошотулду.

Журналистке Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголуп, "Массалык башаламандыкка чакырык" жана "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" беренелери менен айып тагылган.

Журналист өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин билдирип келет.

"Айыптоо өкүмүнүн негизинде Канышай Мамыркуловага 330-берененин 1-бөлүгү боюнча 3 жыл эркинен ажыратуу деп чечим чыгарылды. 278-берененин 3-бөлүгү боюнча 5 жыл деп, жарым-жартылай кошуу менен 6 жыл эркинен ажыратылсын деп чечим чыкты. Эмнегедир бизге да түшүнүксүз болуп калды. Биз пробация болсо дагы эч жакка чыкпоо боюнча тил кат алат деп ойлогонбуз. Бирок эмнегедир үй камагы деп койду. Бизге буга нааразыбыз. Себеби, Канышай Мамыркулова дарыланууга өтө муктаж. Ооруканага жатып, догдурларга көрүнүшү керек. Эгер ал ооруканага жатып кала турган болсо азыркы үй камагынын шарттары да бузулат. Себеби ооруканада сөзсүз түрдө ал жерде жатып дарыланышы керек", - деди журналисттин адвокаты Акынбек Ногоев.

Буга чейинки сотто прокурор Мамыркулованы 8,5 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар кыргыз бийлигине кайрылып, журналистти бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырышкан.

50 жаштагы Канышай Мамыркулова Кыргызстанда эркин журналист жана жарандык активист катары белгилүү. Буга чейин “Алиби” гезитинде, “Сентябрь” телеканалында жана “Говори ТВ” басылмасында башкы редакторлук милдеттерди аркалаган. Акыркы жылдары Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG