Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Трамп Путин менен сүйлөшүүдө Украина боюнча эч кандай жылыш болбогонун билдирди


Трамп Путин менен сүйлөшүүдөн кийин журналисттер менен баарлашууда.
Трамп Путин менен сүйлөшүүдөн кийин журналисттер менен баарлашууда.

АКШ президенти Дональд Трамп Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди.

Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти бейшемби күнкү орус президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин журналисттер менен баарлашып жатып билдирди.

Трамп Украинадагы кырдаалга нааразы экенин, АКШ бул өлкөгө көптөгөн курал-жарак бергенин жана муну улантып жатканын кошумчалады. Бирок ал мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы Украинага курал- жарак берип атып, АКШнын “казынасын бош калтырганын, эми өзүбүзгө жетерине ишенимдүү болушубуз керек” деп билдирди.

Трамп менен Путин 3-июлда телефондон сүйлөшкөн. Сүйлөшүү дээрлик бир саатка созулганын орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирип, анда эки президент Украинадагы согуш, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз кылышканын кошумчалаган.

Орус медиасы бул сүйлөшүүдө Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотуу маселесин көтөргөнүн, Путин Кремл бул согушка "негиз берди" деп эсептеген маселелерди кайталаганын жазды.

Шерине

XS
SM
MD
LG