Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:06

"Жазуучулар атак-даңкты сүйөт жана эгоист болушат"


Жорж Оруэлл
Жорж Оруэлл

Жамы дүйнө окурмандарына "1984" антиутопиялык романы менен таанылган Жорж Оруэллдин адабият тууралуу "Мен эмне үчүн жазамын?" эссейи кимди да болсо кайдыгер калтырбайт.

Жазуучу көркөм сөзгө кызыгуу бала кезинен башталарын, ал адамды өмүр бою коштоп жүрөрүн жеке мисалында көрсөткөн. Соңку кылымда адамзат туш келген калаты башкаруу системи тууралуу пикирин билдирген.

Сандардын орун алмашуусу

Англиялык жазуучу Жорж Оруэллдин атын дүйнөгө тааныткан айтылуу чыгармасынын "1984" деп аталып калышынын чоо-жайы тууралуу адабиятчылар арасында ар кыл пикирлер айтылып келет.

Чыгарманын башында автор койгон аты "Европанын соңку адамы" болчу. Роман 1948-жылы жазылып, кийинки жылы жарык көргөн. Басма ээсинин чыгарманын аты окурманды өзүнө тартып турушу керек деген жүйөсүн эске алган автор "1984" деген аталышты жактырган. Чыгарма 1948-жылы жазылып бүткөн, ошонун аяккы эки саны өзгөртүлүп "1984" болуп калган.

Жорж Оруэлл өзү көргөн, байкаган дүйнөнү саясий-аллегориялык өңүттөн сүрөттөгөн. Өкүмдар падыша, король, хандардын бийлиги тарых бүктөмүндө калганы менен, асти алардан ашса ашкан, кем калбаган өкүмзор-буйрукчул бийликтин кантип пайда болушун иликтеп чыккан.

Сталиндик СССР менен гитлердик Германиянын өкүмзор-буйрукчул бийлик системасы романга негиз болуп, амалпараздык ашынып кетсе, абсурдга айланарын чыгармасы аркылуу айгинелеп салган.

Антиутопиялык романда капитализмди сүрүп чыккан тоталитардык система, адам эркиндиги менен өз алдынчалыгын жок кылган саясий түзүмдүн кантип жаралып, кандайча тамыр-бутагын жайылтышы шылдың-иронияга алынган.

Башында изги тилек, илгери үмүттү бетине кармаган бийлик башкарууну бир колго топтоп, оюндагысын жасоого өтөт. Каршы чыккандын катыгын берип, көсөм жолбашчы жаактуудан жаңылбас, аяктуудан айныбас бир дөөгө айланат. Букаралар улуу-урматтууга башы жерге тийгенче жүгүнүп, кошомат кылып турушу абзел. Ырчы-чоорчулар аны асман-айга жеткирип мактап, калганы аткаминердин айткан-дегенин "хоп" деп колду боорго алып илгиртпей аткарып турушу зарыл. Коомду алдыга сүрөй турган бийик идеология жалпы жыргалчылыкка кызмат кылууга чакырылган. Романдын сюжеттик негизин түзгөн окуялар батыш коомуна байланганы менен, чыгармада сүрөттөлгөндөргө аналогияны ушу азыр деле дүйнөнүн көп өлкөсүнөн табууга болот.


Башкасы башка, бул өзү коммунисттик жыргалчылыктын даамын татып калгандарга тааныш тема. Революция кызыкчылыгы деп жарыя кылынган иш-чаралар, токтолбогон күрөштөр, душмандардын бетин ачып, эси-көөнүнөн кеткис кылып жазалоолор – мунун баарын көрүп, билип калгандар үчүн "мал сарайдагы" жашоо көнүмүш.

Анчалык катуу сынды сатиралык чүмбөткө ороп, дарек-дайынын болушунча жаап-жашырган жазуучу каза болоруна чукул антиутопиялык романы социализмге же британ лейбористтик партиясына каршы багытталбаганын атайын эскерткен.

Буга улай ал борборлошкон экономиканын иши жүрүшпөй, жек көрүндү болушу жалгыз эле коммунисттик же фашисттик өлкөдө учурабастыгын баса көрсөткөн. Романда жазылгандарды кайсы бир өлкөдөн издөө да туура болбостугун ырастаган.

Бирок тоталитардык идея акыл-эстин амири менен жашаган адамдардын көбүндө болорун, жазуучу мына ушул көрүнүштү соңку логикалык чекитине чейин көркөм иликтөөдөн өткөргөнүн ырастаган. Буйрукчул өкүмзор системага каршы турбаса ал кыйла жерди каптап кетерин эскерткен. Иши кылып, Жорж Оруэллдин жазгандарын жамы дүйнөнүн соңку эки кылымдык тарыхы ополтоо мисалдары менен ырастап берди.

Көркөм ышкы

Жазуучу каргадай кезинен жазуучу болууну кыялданып, китеп жазарына кадиксиз ишенгенин сөзгө алынып жаткан эссейинде атайын белгилеген.

Ал өзү чөжүрөгөн үч баланын ортончусу, атасын көрбөй өскөндүк каргадай баланы канаты ката электе корунчаак кылып, ошондон башкалар менен чогуу ойногондон көрө өз алдынча кыялга батып отурганды жакшы көрүп чоңоюптур. Ар кыл окуяларды ойлоп таап, кыялындагы адамдар менен баарлашууну адат кылып алыптыр. Мунун баары болочоктун көркөм камылгасы болчу:

"Ошентсе да ойноо бала курагымда татыктуу – б.а. терең ойлонулуп, жеткилең жазылган чыгармаларым беш-алты баракка жетпейт. Биринчи ырымды төрт же беш жашымда жаздым, апам аны менин айтканымдай кылып кагазга түшүрдү. Арстан жөнүндөгү ал ырда арстандын "тиши үстөлгө окшош" деген жакшынакай фразадан башка эч нерсе эсимде калбаптыр, бирок ал ыр Блэйктин "Арстан, арстан" деген ырынан кымырылган болсо керек.

Он бир жашымда 1914–1918-жылдардагы согуш башталганда жазган патриоттук ырым жана эки жылдан кийин Китченердин көз жумганы тууралуу ырым жергиликтүү гезитте басылды. Жашым бир аз өйдөлөгөндө, маал-маал бышпаган жана демейде аягына чыкпаган "табият жөнүндө ырларды" георгиан стилинде жаздым. Ошондой эле эки жолу кыска аңгеме жазганга аракет кылып, ойрон болдум. Менин ошол жылдары терең ойлонуп жазган чыгармаларымдын толук тизмеси ушундай".



Көпчүлүк кара сөзчүлөрдөй эле Ж.Оруэлл да адабий машыгууларын бала кезинде ырдан баштаган, колуна тийген темага арнап ыр жаза берген. Кийин дымагы күчөп кеткенде мектепте эле ыр менен пьеса жазып салган. Мектептеги басма иштерине катышып, кол жазма журналдарды чыгарууга көмөктөшкөн.

Кийин бала кезинде жазгандары өзүнө жакпай, эрезеге жеткен соң күндөлүк окуя, көрүнүштөргө кызыгып, аларды кагаз бетине түшүрө баштаган. Бара-бара жазуудан тажап, сүрөттөөнүн реалдуу түсүнө өтүү зарылдыгын сезген.

Үйрөнчүк калемгердин колунан чыккан: "Ал эшикти ачып, бөлмөгө кирди. Күндүн көз уялткан нуру жука пардадан өтүп, бетинде дөөт жана ширеңкенин оозу ачык кутусу жаткан үстөлгө чагылышты. Ал оң колун чөнтөгүнөн чыгарбай, терезе жакка басты. Таргыл мышык көчөдө кургак жалбыракты кармай албай кууп жүрдү" деген сындуу сүрөттөөлөрдөн кача баштаган.

Сүрөттөлчү предметтин кандайлыгын так туюнтчу зарыл сөздөрдү табыш аябай кыйын экен. Башкалардын жазгандарын окуганда сөз курулмаларына кунт коюп, кайсы жерден так, даана сүрөт тартканын, жасалмалуулук качан башталганын сезип калчу. Ошол сөз азабын тартчуда жөнөкөй сөздөрдүн окурманды арбап алар кудуретин түшүнүп, бирок ага жетүү кыйындыгын сезген. Сүрөттөлчү көрүнүш сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен татаал тура.

Айрыкча поэзияда, ойду кыска, так, элестүү бериш тозоктун тозогу окшойт. Мурда кайсы бир сөздөрдү алмаштырып, ойду туюнтуунун кооздолгон, экиленген формасын издесе, эми анын реалдуу турум-турпатын тартып берүү жоопкерчилигин туя баштаган. Сөз азабын тартуу, чайпалган сөз дайрасынан ыктуусун табыш тозок тура.

"Заттарды же окуяларды сүрөттөп жазуунун зарылдыгы жөнүндө эбак билчүмүн. Ошентип, кандай китептерди жазарым, эмнени жазарым түшүнүктүү болчу.

Мен аягы кайгылуу бүткөн, ар бир окуя кылдат сүрөттөлүп санжыргалуу пассаждар менен эстен чыккыс салыштырууларга толгон жана сөздөрү кулакка жагымдуу аваз чыгарган килейген натуралисттик романдарды жазууну кааладым. Ырасында эле биринчи аягына чыккан романым – "Бирмадагы күндөрдү" отуз жашымда жаздым, бирок аны, ушу сыяктуу китепти алда канча мурда ойлоп койгон элем.



Мен мунун баарын жазып жаткан себебим, ишенимимде: жазуучунун балалык калыптануусу жөнүндө эч нерсе билбей туруп, анын эмне үчүн жазуучу болууга умтулганын түшүнүү мүмкүн эмес. Жазуучунун чыгармаларынын мазмунун ал жашаган доор аныктайт, бул канткенде да биздин күргүштөп аккан революциячыл доорго мүнөздүү чындык. Бирок калемгер жазгандан мурда өткөн окуяларга эмоционалдык баасын берет (эмоционалдык мамиле түзөт) жана ал ойлорунан биротоло эч кутулбайт. Албетте, анын милдети – өз темпераментин ооздуктап, өнүгүүсүндөгү өксүгүн айланчыктап калбоо же бузук ойго азгырылбоо керек: бирок жаш курагындагы окуялардын эмоционалдык таасирлерин унутуп койсо, өзүн жазуучулукка шыктандырган импульсту өлтүрөт".

Жазуучулук жашоо-тирдикке каражат табуу зарылдыгын эсепке албаганда, кагаз менен каламга күч келтирип үстөлдө үңкүйүп отуруунун артында сүрөткерге дем-шык берген төрт жагдай бар. Алар Ж.Оруэллдин баамында мына булар:

Биринчиси - өзгөлөрдөн сени айырмалап турган өзүмчүлдүк, буга чейин эч ким жаза элек укмуш чыгарма жаратып, атак-даңкы алыска кетип, көпчүлүктүн сен жөнүндө кеп кылып турушу. Китеп жазган адамга дем-шык берип, үстөлдөн жылбай отурушуна себепкер болчу жагдай мына ушул, сүрөткердин атагы, калк алдында кадырынын көтөрүлүшү. Башында демдүү чыккан атак куучулук, атын чыгаруу далбасасы убакыттын өтүшү менен басаңдап, башкаларды көрүп-туюп, жазуучу көркөм дараметин билип, көккө умтулган дымагын ооздуктай баштайт.

"Жалпысынан алганда, беделдүү жазуучулар акчага анча кызыгышпаганы менен, журналисттерге салыштырганда атак-даңкка көп маани беришет жана бир кыйла эгоист болушат" деп жазган Ж.Оруэлл.

Экинчи өзгөчөлүк - эстетикалык кумар, асылдык дүйнөнү көркөм кабылдоо, аны сөз менен сүрөттөп берүү. Угуп жаткан күү кайрыктарынын же окуп жаткан кара сөз китебинин баяндоо ыргагынан ыракат алуу. Адамзаттын көркөм тажрыйбасынан мүмкүнчүлүктүн болушунча сабак алып, сөздөн кызыктуу дүйнө куруу. Бул ишке жөнсалды мамиле жасап, чыгармачылыкка баса отурбай, ат үстүнөн карагандардан алыс болуу.



Үчүнчүсү - жазуучу өзү көргөн жана билген нерселерди бурмалабай, тарыхый ченемди бек кармап, кийинки муунга реалдуу сүрөттү сактоо. Төртүнчү жагдай катары Ж.Оруэл жазуучу кеңири маанидеги саясый багытты кармашы керектигин билдирген. Анткени "адамдар ой-мүдөөлөрүн өзгөртүп, алар умтулуучу коомду көрсөтүү. Бир да китеп саясый тенденциядан эркин боло албайт. Алтурсун көркөм өнөр (искусство) менен саясат ортосунда орток эч нерсе болбош керек дегендин өзү саясый позиция" деп эсептеген.

Жазуучулукка дем-шык берген ушул төрт жагдайдын ичинен ал өзү саясий багытты баарынан жогору койгон.

"Бейпилчиликте ашыкча көркөм же баштан аяк баяндоо түрүндөгү китеп жазып коюп, өзүмдүн саясий мияттыгыма (позицияма – ред.) эч көңүл бурбай жүрө беришим мүмкүн эле. Бирок пешенеге жазганы экен, мен памфлетистке окшогон бирөөгө айландым", - деп жазган.

Мунусу, албетте, жазуучунун жупунулугун көрсөтчү нерсе. Калам кармагандын баары эле мезгил сынынан эленип өткөн "1984" сындуу антиутопиялык романды жазып жатыптырбы?! А негизи, айтылуу романдын автору жеке турмушунда жакырчылык менен амалсыз жашоону башынан көп кечиргенин жашырбай жазган.

Токтолго таппаган кыялын теминип кайсы бир ырында "эки жүз жыл мурда" жашап калса бактылуу бир адам болорун өкүнүч менен белгилеген. Каар заманда төрөлүп, андай жыргалчылыктан кур калганына убайым чеккен. Эми алы жок бир макулук, жаркылдаган жаш селкилерге жарай албаган шалтурук болуп калганын, ошол испан согушунан кийинки дүйнөдөгү өзгөрүүлөр саясий багытын өзгөртүп, жазгандарынын баары "тоталитаризмге каршы жана демократиялык социализмди колдоп" жазылган чыгармалар экенин баса көрсөткөн.

Кысталыш чакта башты кумга катуу туура болбостугун, акыл-эстүү адамдардын ачык позициясы болбосо үмүт үзүп коюу туура болорун белгилеген.

"Күнөөсүз адамдар жалган жалаа менен айыпталганын" билбесем "береги китепти эгерим жазбайт элем" деген. Адам жашоосу "Малкана" (Animal Farm) болуп калганда кимдир бирөө акыйкатты айтышы керек го. "Мени чыгармачылыкка шыктандырган мотивдердин кайсылары күчтүү экенин так айта албайм, бирок алардын кайсыларын кармануу керектигин билемин", - дейт Ж.Оруэлл.

Жазуучунун чыгармачылык жайындагы эссейин англис тилинен Амирбек Аззам уулу которгон.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG