Ташиев: Алтын казган эки компаниянын үлүшү мамлекетке өтөт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткалдагы Иштамберди менен Жамгыр алтын кенинин 30 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке өтөрүн билдирди. Убагында аталган эки кен боюнча нааразылыктар болуп, алар экологияга зыян тийгизип жатканы айтылган эле.