Кыргызстан менен Иран консулдук түйшүктөрдү жөнөкөйлөтүүнү сүйлөштү

Кыргызстандын ТИМ өкүлү Сейтек Жумакадыр жана Голам Хоссейн Ядегари, Ирандын Кыргызстандагы элчиси. Бишкек. 4-июль, 2025-жыл

4-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаментинин жетекчиси Сейтек Жумакадыр уулу Ирандын Бишкектеги элчиси Голам Хоссейн Ядегари менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Анда тараптар консулдук кызматташтыктын айрым маселелерин талкуулашты. Эки өлкөнүн аймагында жүргөн кыргызстандык жана ирандык жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен чараларга өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле консулдук жана миграциялык түйшүктөрдү жөнөкөйлөтүүнүн жолдору тууралуу пикир алмашты.

Мындан тышкары эки өлкө орток кызыкчылык туудурган маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн, тийиштүү мекемелердин активдүү иш алып баруусунун маанисин баса белгилешти.

Кыргызстан менен Ирандын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылы негизделген, кийин Бишкекте жана Тегеранда элчиликтер ачылган. Ирандан Кыргызстанга негизинен кийим-кече, жаңгак, курулуш материалдарынын айрым түрлөрү келет, ал эми ал жакка Кыргызстандан эт, дан азыктары, болот импорттолот. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын экономикасы cолгундаса да согуш токтобойт Москвадагы азербайжан диаспорасынын жетекчиси орус жарандыгынан ажыратылдыОрусия Украинага 550дөн ашуун ракета жана дрон менен чабуул койду Кыздарды сабап, бассейнге түртүп ийген. "Шератондогу" окуя зомбулук маселесин козгоду Москвадан түңүлгөн Тегеранга Бээжин кол сунабы?Прокуратура соттон "Апрель" телеканалын жоюуну өтүндү