"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адам укугу, сөз эркиндиги сакталарын, бул жаатта эч кандай көйгөй жок экенин кайталады. Бул баалуулуктар мамлекеттик саясаттын эң орчундуу багыты экенин айтты. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө саясий абал, адам укуктары жана жарандык коом тууралуу сөз кылдык.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Токмок шаарынын мурдагы мэри Урматбек Самаев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. “Чемпион” деген каймана ат менен таанымал Самаев 2023-жылы кармалып, мамлекетке 130 миллион сомдон ашык зыян келтиргени айтылган.
Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев бир мандаттуу шайлоо округу - мажоритардык системаны жокко чыгарууну сунуштады. Ошол эле учурда партиялык тизме аркылуу преференциалдык системаны жокко чыгаруу пландалып жатканы айтылууда.
Кыргызстанда 11 журналист жапырт камалганына туура бир жыл болду. "Массалык баш аламандыкка чакыруу" беренеси боюнча козголгон кылмыш иш боюнча сегиз айга жакын сот жүрүп, төрт журналист сот жообуна тартылды.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) атайын баяндамачысы социалдык тармактарда кыргызстандык укук коргоочу Азиза Абдирасуловага каршы каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова жеке коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен.
БУУнун атайын баяндамачысы укук коргоочу Азиза Абдирасуловага социалдык тармактарда каралоо жүрүп жатканы иликтениши керектигин билдирди. Абдирасулова коопсуздугунан улам былтыр декабрда Кыргызстандан убактылуу чет жакка чыгып кеткен. Кыргыз бийлиги болсо эч кандай коркунуч жоктугун билдирген.
Жогорку Кеңештин депутаты Бактыяр Калпаев “Азаттыктын” студиясына келип, кыргыз-тажик чек арасы, парламенттин салмагы, талаштуу мыйзам долбоорлору, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси боюнча суроолорго жооп берди. Эл өкүлү саясий камоолор, сөз эркиндиги боюнча пикирин да айтты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Молдовада кармалып, экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирди.
2024-жыл кыргызстандык журналисттер үчүн оңой болгон жок. Temirov Live редакциясына тиешеси бар 11 журналист камалып, анын төртөө сотто жаза алды. Мындан сөз эркиндигине байланыштуу бир катар сунуштар айтылып, талаштуу мыйзамдар да кабыл алынды. Бийлик өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин айтып келет.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйын уюштурду. Ал 2020-жылдын октябрь айынан 2024-жылдын ушул мезгилине чейин мамлекетке 168 млрд 287 млн 49 миң сом (1 млрд 945 млн 515 миң доллар) кайтарылганын билдирди.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштуруп, коррупция менен күрөш, Акылбек Жапаровдун кызматтан кетиши жана президенттик шайлоо туурасында суроолорго жооп берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 16-декабрда кызматтан кетип, анын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткара баштады. Жапаровдун кызматтан кетишин Салык кызматындагы коррупциялык иштерге байланыштыргандар да жок эмес.
16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ээлеген кызматынан бошотулду. Анын кызматтан кетишине эмне себеп болгонун Жогорку Кеңештин депутаттарынан сурап көрдүк.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда "коррупциянын куйругу кыркылып, эми башы калганын" билдирди. Ал тапта бажы тармагында коррупциялык схеманы түзүүгө айыпталган Райымбек Матраимов 100 миң сом айып төлөп, эркиндикке чыкты. Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөштүн жаңы этабы кандай болот?
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова “Азаттыккка” келип, Кемпир-Абад иши, азыркы бийликке болгон көз карашы, позициясы, президент Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуунун максаты жөнүндө маек курду.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети сунуштаган коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өттү.
Журналисттерди жана ишкерди коргогон адвокат Самат Матцаков 30-декабрга чейин камакка алынды. Ага “алдамчылык” жана “документти жасалмалоо” беренелери менен айып тагылды. Бирок адвокат Матцаков өзү кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырууда.
75 жаштагы Гүлира Абдраимакунова абакта жаткан небереси Азамат Ишенбековдун беш жылга кесилгенин уга элек. Апа дагы эле Temirov Live редакциясында иштеген акын небересинин соту бүтө элек деп ойлойт. Ансыз деле Азамат Ишенбеков камалгандан бери ыйлай берип, эки көзү тең көрбөй калган.
УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев Кой-Таш окуясы боюнча сотко келди. Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана партиянын мүчөлөрү - Ирина Карамушкина менен Роза Түрксеверди камакта калтырды. Грузияда нааразылык акциялары уланууда.
Казактын белгилүү акыны Жамбыл айтылуу Тыныбек манасчыны Чүй боорунан кезиктирип, өмүрүндө мындай талантты көрбөгөнүн айткан экен. Кийин анын уулу Актан да өнөрлүү чыгып, манасчы, комузчу жана акын катары таанылган. Тыныбек, Тыныбектен Актан, Актандын кенже уулу Табылды.
Дагы жүктөңүз