"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти. 2022-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт.
Жалал-Абаддын Сузак районунун тургуну Имигүлсүн Сапарова баласы армияга баргандан бир апта өтпөй ооруп, жакындарын тааныбай калган абалга жеткенин айтып "Азаттыкка" кайрылды.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Коомчулук маркум келинди мазактаган блогердин жоопко тартылышын талап кылууда.
Канышай Мамыркулованын иши боюнча эксперт-лингвист суралды. Эксперттин журналисттин соцтармактагы посттору боюнча чыгарган корутундусу бир топ суроону жаратып, айрым жагдайлар талашка түштү. Журналист өзүнө козголгон кылмыш ишинин маңызы жок экенин белгилеп, айыптарды четке какты.
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов көчөсүндө "кызыл чектен" чыгып кеткен делген үй ээлери сотко даттанышат. Алар мэриянын 26-майдагы чечимин "мыйзамсыз" деп эсептеп, "Жер кодексине" каршы келерин айтышат. Мэр Айбек Жунушалиев бардык иш мыйзамга жана шаардын башкы планына ылайык жүрүп жатканын билдирди.
Жыл башынан бери кыргыз базарын Кытайдан келген картөшкө каптады. Ошол эле маалда жергиликтүү дыйкандар өз түшүмүн сата албай, чирип баратканына нааразы. Кыргыз өкмөтү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу менен атамекендик ишкерлердин кызыкчылыгын кантип коргоп жатат?
Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы кабарланды. Каза тапкан киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары борбордо өзүнчө жол менен кирет, бирок мекеменин ичинде кезек кайрадан биригет.
Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр эркин журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди. Көмүскөдөгү ишкер журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылып жатканы маалым болду.
Бишкекте жеке клиникалардын биринде сакал эктирүүнү үчүн операция кылдырып жаткан маалда 30 жаштагы хирург Элдос Турсунбеков күтүүсүз каза болгон. Маркумдун жакындары дарыгер күмөндүү жагдайда көз жумганын айтып, укук коргоо органдарынан дыкат териштирип берүүнү талап кылышат.
Жогорку Кеңеш 10-апрелде интернетке жарыяланган жалган маалымат үчүн айып салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке ылайык, жалган маалымат боюнча түшкөн арыздын негизинде милиция кызматкерлери тергөө жүргүзүп, сотко өткөрүп берет.
Социалдык тармактарга Улуттук илимдер академиясынын (УИА) мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев менен академиянын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тарады.
10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялады. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын билдирди.
Бишкекте Транспорт департаментинин коомдук транспортто бөбөк арабага кошумча жол кире талап кылган чечими коомчулуктун кескин сынына кабылды.Үч жыл мурунку шаардык кеңештин токтомуна ылайык, жүргүнчү алып бараткан жүктүн көлөмүнө карап, кошумча жол кире төлөөгө милдеттүү.
Орус армиясынын катарында согушуп, Украинада туткунга түшүп калганын айткан кыргызстандыктын видеосу интернетке жарыяланды. Ата-энеси кыргыз бийлигине кайрылып, уулун Украинадан экстрадициялоого жардам сурап, чет элдеги согушка катышканы үчүн жазасын мекенинде өтөсүн дешет.
Кыргызстанда темир тор артында отуруп, кыздар менен телефон аркылуу байланышып, мамиле түзүп, кийин ири суммада акчасын алып, алдап кеткендер бар. Түрмөдөгү шылуундар ишенимге кирип, кыздардын интимдик сүрөтүн алып, аны "жарыялап салам" деп коркутушат. Кыздар мындай “сүйүүгө” кантип алданып калууда?
Украинада согуш башталгандан бери кыргыз паспортун алууну жарнама кылган орусиялык ортомчулар көбөйдү. Кыргыз паспортуна кызыккандардын арасында аттуу-баштуу орусиялыктар бар. Кыргызстандын жарандыгын соодалагандар кимдер? Алар анча акчаны кайда сарптайт? Кыргыз бийлиги кандай чара көрө алат?
Белгилүү футболчу Айдана Оторбаева кенедей кезинен турмуштун далай сыноосуна кабылган. Жокчулук, кемсинтүү, атасы менен мамилеси, айтор башынан өткөн окуяларга сынбай, футболдо ийгиликке жеткен. Айдана Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону.
Кыргыз улуттук драма театрында үч күн катары менен режиссер Уланмырза Карыпбаевдин “Эне” спектакли коюлду. Чыгармада оорулуу эненин тагдыры менен катар үй-бүлөлүк баалуулуктардын урашы, балачакта жүрөгүнө так болуп калган психологиялык травманын салдары жана кыргыз аялдарынын оор тагдыры көтөрүлгөн.
АКШда мыйзамсыз миграцияга каршы рейддер уланып, мигранттарды кармоолор жана депортациялоо күн сайын жүрүүдө. Мындан улам бул өлкөдө жашаган кыргызстандыктар да чочулап, жумушка убактылуу чыкпай койгондор болууда.
АКШнын медиасы Дональд Трамп кызматка киришери менен өлкөдөгү мыйзамсыз мигранттарга каршы рейддер башталарын жазды. Мигранттарды текшерүүлөр 21-январда Чикаго шаарында башталышы мүмкүн экенин кабарлады. Чикаго шаары турган Иллинойс штатында болжол менен 40 миңдей кыргызстандык бар.
Дагы жүктөңүз