Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүшүрүүгө керектүү жабдыктардын иштен чыгышы калаа тургундарынын шаштысын алды.
Жылуулук электр борборунда болгон авария шаар тургундарын жүдөттү. Борбор калаанын көпчүлүк борборунда жылуулук да, жарык да жок. Шаар тургундары өз арбайын согуп күн кечирүүдө.
Кыргызстанда жаштар арасында кылмыштуулуктун деңгээли кандай? Алар эмне үчүн бул жолго түшүшөт? Уурулук, зомбулукка барган кылмышкерлерди кандай кызыкчылык жетелейт? “Азаттык плюс” бул жолу жаштардын оор кылмышка баруу себептерине кызыкты.
Кыргызстанда кышкы туристтик сезон кызыган маал. Тоого жана жылгаяк базаларына эс алууга баргандар чер жазып эле кайтпастан, оор жаракат алып, атүгүл каза болгон учурлар да катталууда. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында жылгаяктын жыргалы менен азабын чагылдырды.
Талгат Молдалиев - билим берүү борборунун жетекчиси. Өздөштүрүүгө татаал кытай тилин үйрөнүүнү каалагандар үчүн кыргыз жигити өзгөчө ыкманы иштеп чыкты.
Жалгыз бой эне Наргиза Жолдошева тубаса майып уулу Аман басып кетсе деп жан үрөп келет. Жашоосу арабада өтүп келе жаткан тогуз жаштагы Аман дарыгер болуп, өзүнө тагдырлаш балдарды айыктырсам деп тилейт.
Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан баштап тамеки кымбаттады.
Польшалык сүрөтчү Якуб Щепански Кыргызстанга чыгармачылык дем издеп келген. Арадан 3 жыл өткөндөн кийин жаңы жерде биротоло отурукташып калууну чечти.
“Азаттык плюс” берүүсү узап бараткан жылга саресеп салып, жыл жыйынтыгын чыгарды.
Мургабдан көчүп келген кайрылман үй-бүлөнүн таянар тоосу, 17 жаштагы кайратман кыз Рахаттын тагдырын “Азаттык” мындан төрт ай мурун чагылдырган болчу.
Кыргызстанда ажалга азгырылган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. 2017-жылдын тогуз айында балдар арасында 96 суицид катталган.
Кыргызстанда ажалга азгырылып, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн саны көбөйүүдө. Расмий маалыматтар боюнча, өлкөдө 2017-жылдын тогуз айында эле балдар арасында 96 суицид катталган. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында чырак өмүрлөрү жалп өчүп, жашоону таштап кеткен балдардын тагдырына кайрылды.
Жаш, сулуу көрүнүүнү самагандарга пластикалык операция кеңири мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
“Азаттык плюс” бул чыгарылышында эстетикалык сулуулуктун наркына жана көзүнөн тарта жынысына чейин өзгөртүүнү каалагандар кимдер экендигине кызыкты.
Экс-президент Роза Отунбаева “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин абалынан кабар алды. Бишкектеги №47 абакка барган Отунбаева жолугушуудан соң Текебаевдин абалы жакшы экенин журналисттерге билдирди.
Бишкекте орто жашап калган кишинин эки жашар чүрпөсүн тепкен видеосу балдар укугун кайрадан эске салды. “Азаттык +” бул чыгарылышында зордук-зомбулукка кабылган балдар, мээримди башкалардан издеген наристелердин кайрылды.
Бишкектеги мода көргөзмөсүнө модел катары чыккан Каниет Даун синдрому менен төрөлгөн. Өз дүйнөсү менен жашаган бала дартына карабай, ата-энесинин жашоосун түп-тамыры менен өзгөрткөн.
Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат. Бирок бул берене айрымдардын мыйзамды аттоосуна тоскоол боло албай келет. "Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы кош нике темасына арналды.
Түркиялык сүрөтчү Ахмет Догандын сүрөттөрүнөн кыргыз тоолоруна, жаратылышына болгон сүйүүнү байкоого болот. Сүрөттөрү менен туризм тармагына салымын кошуп келе жаткан мырза Кыргызстандан бейишти да тозокту да көргөн.
Жапон кызы Мэгуми Мацумото кыргыз балетинин ханышасы болууну көздөп, Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында оюн көрсөтүүдө. Бий периштесин Кыргызстанга сүйүү жетелеп келген.
Дагы жүктөңүз