Казакстанды 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев “Менин өмүрүм. Көз карандылыктан эркиндикке карай” деген мемуарында ымандай сырын төгүп, экинчи үй-бүлөсү тууралуу да баяндаган. Мемуардын бул бөлүгү коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.
Белгилүү куудул, актер, обончу, Кыргыз Эл артисти Күмөндөр Абылов кыргыз сахнасындагы куудулдук өнөр, актердук мүмкүнчүлүктөр жана тоскоолдуктар, улуттук баалуулуктар жана ысырапкорчулук өңдүү көйгөйлүү темаларынын айланасында сыябан - маек курду.
Алтымышынчы жылдары кыргыздын жасалга колдонмо өнөрүн заманбап жашоого айкалыштыргандыгы менен таанылган прикладчы, ,“Кыял”көркөм кол өнөрчүлүк бирикмесин негиздөөчүлөрдүн бири, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, акын Шакен Мамбетаипова 1995-жылы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Мамлекеттик наамдар жана сыйлыктар эмне үчүн керек? Эмне үчүн ар бир жолу наам, сыйлык ээлери жана аны ыйгарган өкмөт коомчулукта сын-пикирлердин бутасына айланып жатат? Таланттарды, өлкөнүн өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон жарандарды мамлекет баалашы керекпи же коомчулукпу?
Касымаалы Такырбашев - совет өкмөтү курулган алгачкы жылдары куугунтукталып, Экинчи дүйнөлүк согуш маалында туткунга түшүп, кийин акталган, ошол эле учурда “согуш ардагери” макамына ээ болгон кыргызстандык.
Жакында Ооганстанда ири кыйроолорго алып келген зилзаланын эпкини Кыргызстанга тийиши мүмкүнбү? Жер титирөөлөрдү кантип алдын алуу жана сактануу керек? Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору,
Кыргыз Эл акыны, драматург, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Жалил Садыков - “Манастын уулу Семетей” драмасы, “Калча”, “Саякбай” поэмасы баштаган ондогон классикалык чыгармалардын, Кыргызстандын мамлекеттик гимнинин автору.
Анарбек Сардарбеков - сексенинчи, токсонунчу жылдары гитарасы, баритон үнү жана популярдуу обондору аркылуу таанылган ырчы. Ал “Азаттыкка” сыябан-маек куруп, отуз жылдан бери эл оозунан түшпөй ырдалып келаткан ырларынын сырлары менен бөлүштү.
“Азаттыктагы” сыябан-маектин кезектеги коногу – коомдук ишмер, композитор, публицист, Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков.
Чыгармачыл үй-бүлө театр корифейлерин эскерип, сахнадагы жана турмуштагы жашоонун оош-кыйыштары тууралуу маек курду.
“Мамлекеттик тил жөнүндөгү” жаңы күчүнө кирген конституциялык мыйзам кыргыз тилин өнүктүрүүгө кенен жол ачат. Бул тууралуу президенттин алдындагы Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев “Азаттыкка” курган маегинде айтып, жаңы мыйзамдын өзгөчөлүктөрүн белгиледи.
Кыргыз Эл акыны Сүйөркул Тургунбаев 83 жашта. Азыр ал адабий чөйрөдөн алыс, Токмок шаарында жашайт. Бирок, «Кечки троллейбус», «Замандаштын дүйнөсү», «Жарыктын ыры», «Эки аска» өңдүү ондогон китептерине кирген ырлары аны кыргыз поэзиясында өзгөчө изи, үнү бар акын экенин эбак далилдеп койгон.
Маданий алакаларды жакшыртуу максатында 1993-жылы Алматы жыйынында түрк тилдүү мамлекеттер түзгөн эл аралык Түрксой уюму быйыл 30 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
“Азаттыктын” сыябан-маек берүүсүнүн кезектеги коногу - белгилүү котормочу, акын жана педагог, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Эсентур Кылычев.
Эгемендиктин алгачкы жылдары кайра түзүлүп иштей баштаган Бишкек шаарындагы "Нуска" кыргыз китеп борборуна 23 жыл болду.
Назарыңызда “Куугунтук курмандыктары” берүүбүздүн кезектеги чыгарылышы. Бул чыгарылышта Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн кыргыз жоокерлери тууралуу сөз кылабыз.
Ондогон даректүү кинотасмалары менен таанылган кыргыздын алгачкы кинорежиссер кызы Лиля Турусбекова көзү тирүү болгондо 8-майда токсон жашка чыкмак.
Тарыхчылардын болжолунда 1937-38-жылдардагы сталиндик репрессиянын маалында кыргыздын ондогон алгачкы чыгаан аскер жетекчилери атылып, кыйноодон жок болуп кетишкен. Алардын катарында алгачкы комиссар Аден Истамбеков да бар.
Дагы жүктөңүз