"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Караколдо митингге келген элди милиция кармоодо
Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгинде кыштын кыраан чилдесинде таң атпай көлгө түшүп, саламаттыгын чыңдагандар бар. Алардын бири, жай-кыш дебей 12 жылдан бери таң эртелеп муздак сууга түшүп келаткан Вера Дубавскованы аймактык кабарчыбыз Мария Колесникова өз көзү менен көрүп, кеп-кеңешин угуп келди.
Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы-Каракол жолу төрт күндөн бери Саруу айылынын тушунан тосулуп турат. Жолду ачуу аракеттеринен азырынча майнап чыга элек.
Ысыккөлдүк Анатолий Антоненко жалаң ак кой бакканына туура 50 жыл болду. Ал чарбасын эки козудан баштаган, учурда койдун саны 500гө чукул. Жылына 500 койдон 3 тонна жүн алат.
Ысык-Көлдө кыргыз-кытай чек арасын бузуп киргендер менен кармашып жатып каза тапкан Александр Барыкиндин сөөгү өзгөчө сый-урмат менен жерге берилди.
Ысык-Көлдүн Ак-Шыйрак айылынын тургуну Анвар Байтереков 23-январда кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жок кылынган белгисиз топ анын алдында аңчы Барыкинди өлтүргөнүнө күбө болгон адамдардын бири. Ал бул каргаша кандайча болгонун "Азаттыкка" айтып берди. (Мария Колесникова, Мирлан Токталиев)
Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн босогосунда жайгашкан Балыкчы шаарын жергиликтүүлөр "жансыз шаар" деп коюшат. Мунун да жүйөөсү бар. Жайкы сезонду эске албаганда, шаарда кайнаган жашоонун деми сезилбейт. Совет кезиндеги ишканалардын бош калган кароосуз имараттарынын карааны алыстан көрүнөт.
Балдарым үчүн жашагым келет
Сарууда Кумтөр боюнча тынч митинг өттү
Жол кырсыктары айдан-айга, жылдан-жылга көбөйүп, ага жараша жол коопсуздугу коомчулуктун көңүлүн бурган башкы маселеге айланды. "Азаттыктын" кабарчылары бул көйгөйдүн себептерин ар тараптан сураштырышты.
25-ноябрдан тарта Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы он алты күндүк өнөктүк жүрүп жатат. "Азаттыктын" кабарчылары зомбулук көрүнүштөрүнө, себептерине, мындай фактылардын ачыкка чыгуу тенденциясында өзгөрүү бар-жогуна кызыкты.
Дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөй эле Кыргызстанда да сойкулук киреше алып келүүчү жашыруун ишкердиктин түрүнө кирет. Бирок аны менен катар эле сойкулукту кесип кылган кыз-келиндер арасында зомбулукка кабылгандар арбын.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борборунда тынчтык жүрүшүн өткөрүү үчүн саруулуктар митингге чыгышты.
Расмий маалымат боюнча Бишкекте мектеп жашына чейинки балдардын 25%, ал эми өлкө аймактарында 13% гана бала бакчага барат. "Азаттыктын" кабарчылары бул көрүнүштөн улам келип чыккан көйгөйлөргө жана бала бакчалардагы абалга кызыкты.
Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундарынын бир бөлүгү октябрда "Кумтөр" ишканасынын айланасындагы митингден кийин мөөнөтсүз нааразычылык өткөрүп келатышат.
Саруу айылындагы митинг учурунда УКМК кызматкерлери сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Сабалды делген үч кызматкер облустук ооруканада дарыланууда.
Быйылкы окуу жылдын экинчи айында "Азаттыктын" кабарчылары мектеп рэкетчилиги боюнча соңку тенденцияга кызыкты.
Эки жаштагы кызды ата-энеси сабап өлтүрдү деген факт боюнча Ак-Суу райондук милициясы кылмыш ишин козгоп, териштирип жатат.
Дагы жүктөңүз