"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
АКШнын президенти Дональд Трамп Хелсинки саммитинен кийин орус президенти Владимир Путинди быйыл күздө Вашингтонго чакыра турган болду. Бирок ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлдөрү орус президентинин "кылмышка шектүүлөрдү эки тарап кайчы суракка алсын" деген сунушуна Трамп макул эмес экенин да билдиришти. Администрациянын жогорку даражалуу адамдары мындан тышкары АКШ Орусиянын быйыл күздөгү шайлоого кийлигишүү аракеттерине каршылык көргөзүүгө даяр турушу зарыл экенин да эскертип жатышат.
АКШ президенти Дональд Трамп Хелсинкиде орус президенти Владимир Путин менен жолуккандан кийинки пресс-конференцияда айткан сөзүн кайра артка алды.
Трамп менен Путин жалпысынан төрт сааттан ашык созулган сүйлөшүүлөрдөн соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Трамп менен Путиндин жекеме-жеке жолугушуусу эки сааттан ашык убакытка созулду.
Алдыдагы дүйшөмбүдө АКШ жана Орусия президенттеринин алгачкы эки тараптуу жолугушуусу өткөнү турат. Хельсинкидеги саммитти утурлай Трамп Путинди душман эмес, атаандаш деп атады. Бирок бул сөздөрү үчүн мекенинде оппоненттеринин сынына кабылды.
НАТО мамлекеттери Брюсселдеги саммитте коргонуу чыгымдарын көбөйтүүгө макул болушту. Бул тууралуу эки күндүк саммит аяктар алдында АКШ президент Дональд Трамп билдирди.
Брюсселде НАТОнун эки күндүк саммити өтүп жатат. Бул жолугушуу Түндүк-Атлантикалык альянстын жогорку жыйындарынын бир нече жыл ичиндеги эң татаалы катары мүнөздөлүп жатат. Жыйындын кечээки олтурумунда өнөктөштөр НАТОнун каржылык жүгүн калыс бөлүштүрүүгө милдеттенме алышып, Орусияны сындашты. Алар Македонияны альянска кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий баштоого да чакырышты.
Брюсселде бүгүн НАТОнун саммити башталды. Түндүк Атлантикалык Альянстын бул жолку эки күндүк эң жогорку отуруму анын бир нече жыл ичиндеги эң татаал жыйыны катары бааланууда. Саммитти утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп адаттагыдай эле НАТОнун Европадагы мүчөлөрүн каржылык милдеттенмелерин аткара албай жатышканы үчүн сындаса, Брюссел тарап өз кезегинде Вашингтонго анын Европадан артык өнөктөшү жок экенин эскерткен.
Жапонияда өкмөт өлкө тарыхындагы эң ири теракт үчүн айыптуулар өлүм жазасына тартылганын ырастады. "Аум Синрикё" деген сектанын лидери Сёко Асахара менен бул топтун башкы алты жактоочусуна чыгарылган өкүм бүгүн эртең менен аткарылган.
Малайзияда бүгүн мурдагы премьер Нажиб Разакка сотто айыбы расмий угузулду, бирок камактан күрөө менен бошотулду. Буга чейин Куала-Лумпурдагы үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн Разак 3-июлда камакка алынды. Ал бийликтен акыркы шайлоодо өзүнүн мурдагы насаатчысы, Малайзиядагы реформалардын "атасы" атыккан ардагер саясатчы Махатхир Мохамад баштаган саясий күч жеңишке жеткенден кийин кетүүгө аргасыз болгон эле.
Ирандын президенти Хасан Роухани Батыш Европанын эки өлкөсүндө жүрөт. Анын иш сапарына тушташ Белгиянын бийлиги эки адамды камакка алганын жарыялады.
АКШ жана Орусия президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин алгачкы эки тараптуу саммити 16-июлда Хельсинкиде өткөнү жатат.
Брюсселде Евробиримдиктин кезектеги саммити өтүп жатат. Анын күн тартибиндеги маселелердин эң талаштуусу жана оору – миграция.
Президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин саммити 16-июлда Хельсинкиде өтөт. Бул тууралуу бүгүн Кремл жана Ак үй бир учурда жарыялады. Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган. АКШ менен Орусиянын президенттеринин алгачкы саммитинде кайсы маселелер талкууланышы мүмкүн?
Кыргызстанда биринчи инстанциядагы соттун блогер жана активист Муратбек Тунгышбаевди Казакстанга өткөрүп берүүгө жол ачкан чечимин коңшу өлкөнүн укук коргоочулары менен активисттери да сынга алышууда.
Кошмо Штаттар менен Кытай аскердик чөйрөдө сүйлөшүү өткөргөнү жатат. АКШнын 26-июнда Бээжинге барган коргоо министри Жим Мэттис жолугушууларда стратегиялык деп эсептелген маселелерге көңүл бурары күтүлүүдө. Ал ушул айдын башында Кытайды Түштүк-Кытай деңизиндеги аралдарды аскерлештирип жатканы үчүн кескин сындаган, ал эми Бээжинге сапарын утурлай Кошмо Штаттар Арктикада өз турумун бекемдөөгө умтулушу керек экенин айтып чыкты.
Орусияга АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон келгени жатат. Анын иш сапары президенттер Дональд Трамп менен Владимир Путиндин болжолдуу саммитине даярдык катары каралууда. АКШ менен Орусиянын президенттери буга чейин көп тараптуу жыйындардын алкагында эки ирет жолугушса да атайын эки тараптуу саммит өткөрүшө элек.
Түркияда президент Режеп Тайып Эрдоган кош шайлоодо жеңгенин жарыялады.
АКШда президент Дональд Трамп коңшулаш Мексика аркылуу анын өлкөсүнө мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген иммигранттардын балдарын ата-энесинен бөлгөн талаштуу саясатты токтотмок болду. Мыйзамсыз мигранттарга карата көрүлгөн андай чаралар Кошмо Штаттардын өзүндө да сынга алынып, айрым өлкөлөрдүн лидерлери да каршы пикирин билдиришкен.
Дүйнөдө каржы индустриясынын адистери байлыгынын “таза наркы жогору” деп эсептеген адамдардын жалпы акчасы биринчи ирет 70 триллион доллардан ашты.
Дагы жүктөңүз