"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бул иликтөөдө “Исмаил Матраимов атындагы" кайрымдуулук фондуна жүз миңдеген доллар которгон дагы бир нече донор ашкере болду.
Кыргызстанда акыркы 25 күндө эле COVID-19га чалдыккандар менен андан кайтыш болгондордун саны 2-2,5 эсе көбөйдү. Казакстанда да бир күндө коронавирус табылган адамдардын саны бир жарым миңге чейин жетип жатат. Эки өлкөдө эпидемиологиялык абал көзөмөлдөн чыгып бараткан жокпу?
Депутаттык комиссия Айеркен Саймаити Кыргызстандан 700 миллион доллар эмес 932 миллион доллар чыгарып кеткенин тактады. Анын айынан 6,5 миллиард сом салык мамлекетке түшпөй калганы аныкталды.
АКШда Жорж Флойд аттуу афроамерикалык полиция аны кармоо учурунда каза тапкандан кийин өлкөдө полициянын зомбулугу, расалык, социалдык теңсиздик элди түп көтөрдү.
Евразия экономикалык комиссиясы (ЕАЭК) Казакстан кыргыз-казак чек арасында көрүп жаткан чараларды "тоскоолдук" деп тааныды. Казакстан билдирүү таратып, Кыргызстан ортодогу чек арадан товар алып өтүүдөгү мыйзам бузуулар тууралуу “уккусу келбей жатат” деп айыптады.
Дүйнөнүн булуң-бурчунда COVID-19 илдетинин вакцинасын жана дарысын табуу үчүн жарыш жүрүп жатат. Бирок вакцина калктын калың катмарына качан жетет? Эмдөөгө каршы чыккандардын жүйөсү канчалык негиздүү? Бейтаптарды дүйнө өлкөлөрү кантип дарылап жатышат? “Биз жана дүйнө” берүүсүнөн көрүңүз.
Сайрагүл Сатыбалдиева 10 жыл илгери мугалимдик кесибин таштап, Орусияга иш издеп кетүүгө аргасыз болгон. Ал Москвада үй-бүлөсү менен коронавирус жугузуп алганын, ал-абалы, дарыгерлердин мамилеси тууралуу «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.
«Эмне үчүн эгемендүүлүктү алгандан бери кыргыз тили Кыргызстанда илим-билимдин, өнүгүп өсүүнүн тили болбой жатат?» деген маселени талкуулайбыз.
Орусияда коронавирус күчөгөнү эмгек мигранттарынын көйгөйү арбыды. Ооруп калгандары жетиштүү медициналык жардам ала албаса, жумушсуз отургандары мекенге өтө албай ара жолдо калды. Мындай шартта өкмөт менен коомчулук кандай жардам берүүдө?
Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясынын кесепети тууралуу калк менен ачык диалог курушу керек. Мындай пикирин Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело “Азаттыкка” маегинде билдирди.
Коронавирус кризиси күчөгөндө кыргыз өкмөтү Орусиядагы мигранттарын колдоого он миллион сом, Бириккен Араб Эмираттарына беш миллион сом бөлгөн.
Тажикстанда бир жумага жетип-жетпей COVID-19 илдетине чалдыккандардын расмий саны дээрлик 20 эсе көбөйдү. Казакстанда карантин өкүм сүрүп жаткан чакта саясат кызыды.
Чехия карантинден акырындап чыгып, чектөөлөр ырааты менен алына баштады. Анткен менен адамдардын бири биринен обочолонуусу жана бет кап кийүү тыкыр көзөмөлдө. Гүл жана беткап тагынган Прага шаарына фотосаякатка чыгалы.
Пандемия коомдук жашоону көп жагынан өзгөртөрү азыртадан эле билине баштады. Ал эми динге кандай таасир этиши мүмкүн?
Коронавирустун кесепетинен Кыргызстанда да туризим тармагы чоң жоготууга учурап жатат. Жыл сайын агылган чет өлкөлүк коноктордун ордун ким алмаштырат? Өлкөнүн ички туризм потенциалы кандай?
Коронавируска байланыштуу карантин чет өлкөлөрдө эмгектенген миңдеген кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигине кедергисин тийгизип койду. Алардын бир бөлүгү жумушунан айрылып, капчыгы жукарса, айрымдары мекенине кете албай ара жолдо калышты.
Коронавирус пандемиясы дагы канчага созулары, кризис качан басаңдай турганы азырынча беймаалым. Ушундай шартта алдыда жашоо-турмуш кандай болор экен, эмнеге даяр туруу керек, кантип үнөмдөп, оор кырдаалда кантип өнүгүү жолуна түшүүгө болот деген суроолор арбын.
Чикаго шаарыдагы Saint Francis Physician Network, LLС клиникалар тармагында врач-терапевт болуп эмгектенген Алмаз Абдыраков коронавируска байланыштуу Чикаго шаарындагы соңку кырдаал, ооруну дарылоо ыкмалары тууралуу айтып берди.
Дүйнө жүзүндө азыр миллиондогон ак халатчандар күнү-түнү коронавируска чалдыккан адамдардын өмүрүн сактап калууга, дарылап сакайтууга аракет көрүп жатышат. Канчалаган ак халатчандар илдетти жугузуп алып, канчалаганы көз жумду.
Дүйнө өлкөлөрү коронавирустун айынан жумушсуз калган жарандарын, бизнести коргоонун түмөн айласын көрүүдө. Бул берүүдө АКШ, Сербия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жардам чараларын көрсөтөбүз.
Дагы жүктөңүз