"Азаттыктын" Нарын облусундагы кабарчысы. Нарын педагогикалык колледжинин бүтүрүүчүсү. Нарын мамлекеттик университетинде сырттан окуйт.
Ат-Башыга мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда салуу пландалып, бирок элдин нааразылыгынан улам ишке ашпай калган соода- логистикалык борборду курууну жаңы бийлик да сунуштап чыкты.
Нарын шаарынын тургуну Калыйкул Ысыралиев чакан күнөсканасына анар, жүзүм, жаӊгак, роза гүлдөрүн жана башка өсүмдүктөрдү өстүрөт. Ал тоолуу аймакта бак-дарактын, жашылча-жемиштин түрүн көбөйтүүнү каалап, жакында эле павловния дарагынын көчөттөрүн да алып келди.
Нарын облусунда абал туруктуу делгени менен коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйүүдө. Буга чейин өпкөнүн сезгенүүсү менен ооругандар көп катталып келсе, акыркы 10 күн аралыгынан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын саны көбөйгөн.
Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин химия факультетинин бүтүрүүчүсү Элла Зарылбекова мүнөтүнө 25 миң сөз окуп түшүнүгүн айтып бере алат. Ал ушул убакка чейин үч миңден ашык китеп окуган.
Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы археологиялык казуулардын натыйжасында биздин заманга чейин болжолдуу 2500 жыл мурунку кемеге, ошондой эле турак үйдүн орду табылды. Археологдор бул табылга түндүк Кыргызстанда мал чарбачылыгы эле эмес, дыйканчылык дагы өнүккөн деген пикирди ырастарын айтышууда.
Кочкор айылынын тургуну Дөөлөтбек Алмазбеков бир нече жылдан бери форель багып келет. Ишкер жылына 60 тоннага жакын балык өстүрөт. Учурда форелдерди атайын фирмалар менен келишим түзүп чет өлкөгө сатат. Акыркы жылдары айыл жерлеринде балык чарбасын уюштуруп, иштин көзүн тапкандар арбыды.
Кыргызстандыктар быйыл Орозо айт майрамын пандемиянын шартында жана Баткендеги чек ара жаңжалынан кийинки учурда белгилеп жатышат.
Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынын тургуну Бактыгүл Акунбаева беш жылдан бери Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгон, дайынсыз жоголгон жана туткунга түшүп көзү өткөн кыргызстандыктар тууралуу маалыматтарды издеп, чогултуп келет.
Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Тапа Керимкулов 97 жашта. Ардагер быйыл Жеңиштин 76-жазын тосуп жатат.
Баткендеги куралдуу кагылышта мекен чегинде туруп, курман болгон чек арачы Эсентур Кубанычбековдун сөөгү 1-майда өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун Ак-Муз айылында жерге берилди.
Нарындык Болот Калил уулу төрт жылдан бери Британиядагы "Shotpage ltd" компаниясында инженер программист болуп иштейт. Ал кесиптештери менен биргеликте "AvA "деп аталган селфи робот жасаган. Келечекте анын дагы жаңы түрлөрүн жасоону көздөп жатат.
Нарындагы Баетов айылынын тургуну Тынчтыкбек Турдукулов Ак-Талаа районунда биринчилерден болуп төө куш, бөдөнө, кыргоол бага баштады. Анын келечекте дагы башка канаттуу-куштарды алып келип, айылга чакан зоопарк ачуу кыялы бар.
"Тайлак баатыр" жөнүндө кыска метраждуу тасманын бет ачары 17-апрелде Нарын шаарындагы Муратбек Рыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрында өттү. Тасманын жаратуучулары тарыхый фильмдер элдин мекенчилдик сезимин ойготот деген ишенимде.
Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын мектеби авариялык абалда болгондуктан, окуучулар онлайн режиминде окуп жатышат. Кыштакта интернет маселеси дагы чоң көйгөйгө айланган. Ак-Кудук Нарын шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Кыргызстандын бардык аймагында жергиликтүү шайлоо жана референдумда добуш берүү үчүн шайлоо тилкелери ачылды. 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат
Гүлнур Кубан кызы Нарындын Кочкор районунда сурдопедагог жана логопед болуп иштейт. Ал Бишкектеги окуу жайлардын биринен дефектология факультетинен сурдопедагогика адистигин алгандан кийин айылга келген. 5 жылдан бери ал угуусу начар жана тили так чыкпаган жеткинчектерге жардам берип келет.
2020-жылдын жаз айларында Кыргызстанда коронавирус инфекциясы катталып, элдин үрөйү учуп турган маалда Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын медайымдары кыйналган учурлар көп болду. Себеби айыл тургундары вируска ишенбей, медкызматкерлерди күнөөлөшүп, кол көтөрүүгө чейин барышкан.
Нарын облусунда жылкыларга электрондук чип коюла баштады. Ветеринарлардын айтымында, идентификациялоо аракети малдын сапатын арттырат. Мындан тышкары малдын каттоого алынышы менен жайыт акысын төлөө ирээттелет.
Дагы жүктөңүз