4-июлга оогон түнү орус аскерлери Украинанын шаар-кыштактарына жапырт сокку уруп, жалпысынан 550дөй пилотсуз учак жана ракета атты. Анын алдында АКШнын лидери Трамп орус президент Путин менен телефондон сүйлөшкөнү маалымдалган. Трамп бул сүйлөшүүдө "эч кандай жылыш болбогонун" билдирди.
Израил менен июнда болгон согушта Иран жогорку аскердик жетекчилигинен айрылды, абадан коргонуу системасынын, жалпы эле куралдуу күчтөрүнүн талуу жерлерин ачыкка чыгарды. Бир нече күндө Израил Ирандын асманын көзөмөлгө алып, АКШнын Ислам жумуриятынын өзөктүк жайларына каршы операциясына жол ачкан.
Орусия менен Азербайжандын ортосундагы чыңалуу дагы күчөдү. Бакуда орусиялык сегиз киши маңзат аткезчилигине жана киберчабуулдарга айыпталып камалды. Соттон тартылган видеодо алардын уруп-сабалганын көрүүгө болот. Ага чейин "Спутник-Азербайжан" агенттигинини эки кызматкери кармалган эле.
Америкалык маалымат каражаттарында АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону тууралуу кабарлар тарап жатат. Ага ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды. Украиндер АКШнын жардамы болбосо өлкөнүн абадан коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонууда.
Баку менен Москванын ортосундагы чыңалуу күчөп баратат. Шейшембиде Орусиянын тышкы иштер министрлиги Азербайжандын элчиси Рахман Мустафаевди чакыртты. Мунун алдында Москва каржылаган “Спутник-Азербайжан” агенттигинин Бакудагы кеңсесинде жүргүзүлгөн рейд маалында эки адам кармалган.
Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеинин Израил менен согуш маалында эл алдына чыкпай, белгисиз жерде жашырынганы анын абалы жана Ислам жумуриятынын келечеги үчүн чечүүчү учур болуп калышы ыктымал.
Мыйзамсыз миграция АКШ жана Европа үчүн чоң көйгөйгө айлангандыктан, Батыш барган сайын келгиндерди Балканга жөнөтүүдө. Бирок чөлкөм мындай жүктү көтөрө алабы? Мигранттарды кабыл алуу аларга кандай пайда алып келет? Бул суроолорго Косово кызматынын кабарчысы Дорунтина Бафтиу жооп издеди.
Иран менен Израил ок атышууну токтотконун жарыялашты, ошол эле маалда Орусия Украинанын шаарларына абадан сокку урууда. Азаттык/Эркин Европа" радиосу 2025-жылдын 26-жумасында тартылган эң таасирдүү сүрөттөрдүн айрымдарын жарыялайт.
Украиналык мурдагы согуш туткуну Орусияда абакта отурганда күн сайын ур-токмокко кабылганын, ачка болуп карайлагандан улам курт, самын жегенин "Азаттыктын" кабарчысына айтып берди. Владислав Задорин орус согуш кемесин жолго салган айтылуу Змеиный аралындагы чек арачылардын бири болчу.
Президент Дональд Трамп эмки жумада АКШ менен Иран сүйлөшүү өткөрөрүн билдиргени менен Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегерандын андай планы жоктугун айтты. Расмий Вашингтон Ирандын негизги өзөктүк объектилери АКШнын бомбалоосунан талкаланганына ишендирип келатат.
Америкалык президент Дональд Трамп эмки жумада АКШ менен Иран сүйлөшүү өткөрөрүн билдиргени менен Ислам жумуриятынын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегерандын андай планы жоктугун айтты. Расмий Вашингтон Ирандын негизги өзөктүк объектилери АКШнын бомбалоосунан талкаланганына ишендирип келатат.
Арменияда былтыр өкмөткө каршы массалык демонстрацияларды жетектеген архиепископ жана анын кеминде 14 жактоочусу шаршемби күнү камакка алынды. Тартип коргоо органдары аларды бийликти басып алуу аракетинде “теракттарды” даярдаган деп айыптады. Оппозиция муну саясий куугунтук катары четке какты.
Дагы жүктөңүз