4-июлга оогон түнү орус аскерлери Украинанын шаар-кыштактарына жапырт сокку уруп, жалпысынан 550дөй пилотсуз учак жана ракета атты. Анын алдында АКШнын лидери Трамп орус президент Путин менен телефондон сүйлөшкөнү маалымдалган. Трамп бул сүйлөшүүдө "эч кандай жылыш болбогонун" билдирди.
Трамп Путин менен соңку сүйлөшүүдө Украинадагы ок атууну токтотуу боюнча “эч кандай алдыга жылыш” болбогонун билдирди. Бишкекте "Апрель" телеканалын жоюу боюнча сот жараяны уланууда. Бишкектеги "Шератон" мейманкасындагы мушташтан улам бийчи Жан Воинов жана анын кайниси кармалды.
Бишкекте жөө өтмөктөн жүк ташуучу автоунаа сүзүп кеткен сегиз жаштагы кыздын ата-энеси айдоочу эркиндикте жүрөт деп, нааразы болууда. Бишкек милициясы айдоочу кырсык болгондон көп узабай эле кармалганын билдирди.
АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону айтылууда. Президент Садыр Жапаров Москвага иш сапары менен барды. УКМК буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта "гранаталарды алып, сатып жиберген" деген шек менен уюшкан кылмыштуу топ кармалганын билдирди.
Америкалык маалымат каражаттарында АКШ Украинага курал-жарактын айрым түрлөрүн берүүнү токтоткону тууралуу кабарлар тарап жатат. Ага ылайык, Пентагон мындай кадамга өз запастары азайганына байланыштуу барды. Украиндер АКШнын жардамы болбосо өлкөнүн абадан коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонууда.
Дээрлик күн сайын Орусиянын бомбалоосуна жана артиллериялык аткылоосуна туш болуп жаткан Украинанын тургундары АКШнын жардамы болбосо, өлкөнүн коргонуу дарамети алсырайт деп кооптонушууда. Мунун алдында америкалык медиада Вашингтон Киевге куралдын айрым түрүн берүүнү токтоткону кабарланган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Чаткалдагы Иштамберди менен Жамгыр алтын кенинин 30 пайыздан ашык үлүшү мамлекетке өтөрүн билдирди. Убагында аталган эки кен боюнча нааразылыктар болуп, алар экологияга зыян тийгизип жатканы айтылган эле.
Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө.
Орусия Украинанын аймактарына акыркы түнү 100дөн ашык дрон учурду. Прокурор журналист Канышай Мамыркулованы сегиз жарым жылга абакка кесүүнү сурады. Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр тоолуу көлү жырылып, 900дөн ашык адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.
Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдан улам Орусияда жүргөн кыргызстандык мигрантардын бир тобу багытып өзгөртүп, башка өлкөлөргө кетсе, экинчи тобу мекенине кайтууну улантууда.
Кыргызстанда тоо үстүндөгү көлдөрдүн дагы бири жырылды. Сел коркунучунан улам Ысык-Ата районундагы үч айылдын тургундары эвакуация болду. Адистер климат өзгөрүп, аба табы жогорулаган сайын мындай кырсыктар көбөйүшү мүмкүн экенин эскертишет.
12 күндүк согуштан кийин Израил менен Иран ок атышпоо жөнүндө макулдашкан cоң - ЦАХАЛ Газа тилкесине кайрадан көбүрөөк көңүл бурарын билдирди.
Дагы жүктөңүз