Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:22

Кыргызстанда 100 миң гектардан ашык жерди чегиртке каптады


Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2-июлга карата өлкө боюнча 103 миң 696 гектар аянтты чегиртке каптаганы аныкталганын билдирди. Бул 144 миң 673 гектар жерде байкоо жүргүзгөндөн кийин аныкталган жана 92 миң 709 гектар аянтта дарылоо иштери жүргөн.

“Бүгүнкү күндө Баткен жана Талас облустарында чегирткеге каршы күрөшүү иш-чаралары аяктады, Ош жана Жалал-Абад облустарында иш ушул аптанын ичинде жыйынтыкталат. Ал эми Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө жана Нарын облусунда департаменттин адистери изилдөө жана атайын иштерди уланууда”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары май айынын соңунда Кыргызстан менен Өзбекстандын мекемелери арасында чегиртке каптаган очокторду аныктоо жана каршы күрөшүү боюнча биргелешкен иштер жүргөнү жазылган. Казакстан менен да ушундай эле иштер аткарылып, эки өлкөдөн тең учуп кирген чегирткелер айыл чарба өсүмдүктөрүнө зыян келтирбей турганы аныкталган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда үйүрлүү жана үйүрлүү эмес чегирткенин 50дөн ашык түрү байырлайт. Зыянкечтердин жапырт каптоосу ар бир 8-11 жылда бир кайталанып турат.

Кыргызстанда 1980-жылы – 570 миң гектар, 1989-жылы – 160 миң гектар, 2008-жылы – 157 миң гектар жана 2018-жылы – 146, миң гектар жерди чегиртке каптаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG