3-июлда АКШнын лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Бул сүйлөшүү дээрлик бир саатка созулганын орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, эки президент Украинадагы согуш, Ирандын өзөктүк программасы тууралуу сөз кылышкан. Орус медиасы бул сүйлөшүүдө Трамп Украинадагы согушту тез арада токтотуу маселесин көтөргөнүн, Путин Кремл бул согушка "негиз берди" деп эсептеген маселелерди кайталаганын жазды.
Ушаков орус президенти америка лидерин Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырганын, эки лидердин бетме-бет жолугушуусу тууралуу эч кандай чечим болбогонун да кошумчалады.
Азырынча Ак үй Трамп менен Путиндин телефон сүйлөшүүсүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек. Бир нече саат мурда Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social түйүнүндөгү баракчасына жазган. Бирок анын максаты тууралуу айткан эмес.
Бул сүйлөшүүдөн кийин АКШ президенти Украинанын лидери Владимир Зеленскийге да телефон чалышы мүмкүндүгүн Reuters жаңылыктар агенттиги жазган.
Трамп экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийин биринчи жолу 12-февралда Путин бир жарым сааттай телефондон сүйлөшкөн. Бул Орусия Украинага басып киргенден бери эки өлкө президенттеринин биринчи түз байланышы болуп калган. Андан бери Трамп менен Путин Украинадагы согуш сыяктуу эл аралык маселелерди бир нече жолу телефон аркылуу талкуулаганы кабарланган.
Шерине