Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Тоолуу Карабакта Кыргызстан курган "Айкөл Манас" мектеби ачылды


"Айкөл Манас" орто мектебинин имараты, 3-июль, 2025-жыл
"Айкөл Манас" орто мектебинин имараты, 3-июль, 2025-жыл

Тоолуу Карабактын Агдам районундагы Хыдырлы айылында Кыргызстан курган "Айкөл Манас" орто мектеби ачылды. Ачылыш аземине Азербайжанга иш сапар менен барган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев катышты.

Кыргызстандын атынан Азербайжанга белекке курулган мектеп 528 орунга ылайыкталган. Былтыр март айында башталган курулуш толугу менен аяктап, окуучуларга эшигин ачууга даяр. Мектеп 2,7 гектар аянтка курулган.

Заманбап имаратта үч окуу блогу, спорттук жана жыйын залдары, ашкана, китепкана, физика, химия жана биология сабактары үчүн лабораториялар, эки компьютердик класс, ошондой эле бардык керектүү окуу жана административдик жайлар бар. Футбол жана волейбол аянтчалары, эс алуу аймактары жана класстан тышкаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн инфраструктура салынган.

Тоолуу Карабактагы Агдам району 1993-жылдагы кагылышта Арменияга өткөн. 2020-жылкы куралдуу кармаштан соң Азербайжандын аймагы катары таанылган.

Азербайжан 2023-жылы сентябрда эки өлкө көптөн бери талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган армян улутундагы 100 миңдей киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Армения да, Азербайжан да чек ара боюнча канчадан бери уланып келе жаткан, адам өлүмү менен коштолгон тирешүүнү токтото турган тынчтык келишимине кол коюуга даяр экенин айтып, бирок бул жараяндын создугушуна бирин-бири айыптап келген.

Шерине

XS
SM
MD
LG