Министрлер кабинети Бишкектеги бир катар эски имараттардын архитектуралык тарыхый эстелик макамын алуу тууралуу токтом чыгарды. Өкмөт башчы Адылбек Касмалиев 2-июлда кол койгон документ “Эркин-Тоо” гезитине 4-июлда жарыяланды.
Алар: учурда "Кабар" мамлекеттик агенттиги орун алган, 1940-жылы курулган имарат; азыркы Жогорку сот жайгашкан, 1936-жылы курулган имарат жана 1955-жылы курулуп, 1965-жылы реконструкцияланган, учурда Тышкы иштер министрлиги жана Экономика министрлиги жайгашкан имарат. Бул мурдараак өкмөт үйүнүн, ага чейин Жогорку Кеңештин имараты болуп турган.
Булардын баары мурда архитектуралык жана тарыхый мурас катары мамлекеттин коргоосунда турган.
Өкмөттүн бул токтомун Жогорку Кеңештин депутаты, "Коммунисттер" партиясынын лидери Исхак Масалиев кескин сынга алып, "өлкөнүн Союз учурундагы 70 жылдык тарыхын чийип салуу" деп сыпаттады.
Март айынын башында Президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы белгилүү болгон жана бул талаш-талкуу жараткан.
Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин 26-февралдагы жыйынында мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн комиссия түзүүнү сунуштаган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул имараттарды тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгаруу боюнча так чечим кабыл алына электигин билдирген.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин токтому менен июндун башында Бишкектин Айтматов проспектисинде жайгашкан “Кыргызшампаны” ишканасынын администрациялык имаратынын архитектуралык тарыхый эстелик макамы алынган.(ZKo)
Шерине