Палестиндердин ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) радикал тобу шаршембиде билдирүү таратып, АКШ президенти Дональд Трамптын Газада ок атышууну токтотуу тууралуу жаңы планын "карап жатканын" билдирди. ХАМАС Египеттин жанан Катардын ортомчуларынан сунушту алганын, Газада согушту токтотуу үчүн макулдашууга кол коюуга даярдыгын да билдиргени маалым болду.
Аны менен катар эле ХАМАС макулдашуунун негизги шарты деп тилкеден Израилдин армиясынын толук чыгып кетишин талап кылууда.
Ушул эле күнү Изарилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху ХАМАС толугу менен жок кылынышы керектигин кайталады. "ХАМАС мындан ары болбойт. Хамастан - өткөн чак", - деди Нетаньяху.
7-июлда Нетаньяху Вашингтондо президент Трамп менен жолугат.
Мурдарак Трамп ХАМАС радикал тобуна кайрылып, Газада ок атышууну 60 күнгө токтотуу тууралуу "акыркы сунушту" кабыл алууга чакырды. "Жакынкы Чыгыштагы бейпилдик үчүн ХАМАС бул сунушту кабыл алат деп үмүттөнөм. Андай болбосо ЖАГДАЙ ЖАМАН ЖАГЫНА КЕТЕТ", - деп америкалык лидер Truth Social платформасына жазды.
Трамп Израил 60 күнгө ок атышпоого көнгөнүн белгилеп, ал учурда "согушту токтотуу үчүн бардык тараптар менен иштешип жатабыз" деди.
Израилдин өзүндө бийликтен дээрлик эки жыл мурун Газа тилкесинде башталган аскердик операцияны аяктоону талап кылган, басым көбөйүп баратат.
Израилдин Газадагы чабуулдары ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылдын 7-октябрында Израилдин аймагына кол салып, миңден ашуун кишини өлтүрүп, жайкын тургундарды барымтага алып кеткенден кийин башталган.
Андан бери Газада Израилдин аба чабуулдарынан жана жердеги операцияларынан оң миңдеген адамдын өмүрү кыйылды.
Жалпысынан Газада ок атышуу бир нече айга токтогону менен согушту толук аягына чыгаруу боюнча дипломатиялык аракеттерден майнап чыкпай келет.