Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында европалык маалымат каражаттарынын бири Euronews телеканалынын ачылышы болду.
Иш-чарага Өзбекстандын президенттик администрациясынын, жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарынын, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык мекемелерди өкүлдөрү катышты.
Euronews каналынын директорлор кеңешинин төрагасы Педро Варгас Давид кеңсенин Ташкентте ачылышы “телеканалдын географиясын кеңейтүү гана эмес, Борбор Азия менен Европанын ортосунда чыныгы медиа көпүрө куруу” экенин белгиледи.
“Euronews – маалыматтык платформа эле эмес. Бул ар кайсы өлкөнүн жана элдердин добушу угула турган маданияттар жана цивилизациялар аралык диалог”, - деди ал.
Өзбекстандын президентинин маалымат катчысы Шерзод Асадов соңку жылдары өлкөдө басма сөз эркиндиги үчүн көптөгөн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, журналистика багытында эл аралык кызматташуулар жанданганын белгиледи. “Биз дүйнөгө ачыкпыз жана дүйнө бизге ачылат. Euronews каналынын келиши ушул максаттагы логикалык кадам”, - деди Асадов.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өзбекстандагы туруктуу координатору Сабине Махл Euronews каналынын иштей башташын ачык маалымат мейкиндиги үчүн маанилүү кадам деп белгилеп: “Ааламдашуу доорунда маалыматтык изоляцияда калуу мүмкүн эмес. Euronews кеңсеси Европа менен диалогдун бекемделишине жана Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды эл аралык деңгээлде түшүндүрүүгө шарт түзгөн аянтчага айланат”, - деди.
Euronews Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Түштүк Америка, Австралия, Жакынкы Чыгыштагы 150дөн ашуун өлкөдө 20дан көп тилде маалымат таратат.
2005-жылкы Анжиян окуясынан кийин өзбек бийлиги Ташкенттеги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун бюросун жана Би-би-си радиосунун кеңсесин жапкан.