Нукустагы кандуу тополоң: Эл аралык уюмдар Өзбекстанды жоопкерчиликке чакырууда

Даулетмурат Тажимуратов, 5-июль, 2023-жыл

Каракалпакстандын баш калаасы Нукустагы кандуу тополоңдун үч жылдыгын утурлай эл аралык уюмдар Өзбекстандын бийлигин зордук-зомбулукка күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартып, жабыр тарткандарга карай адилеттикти камсыздоого чакырды.

"Нукустагы каргашадан бери үч жыл өттү, бирок андагы окуялар үчүн жоопкерчилик маселеси дагы эле чечиле элек", - деди Human Rights Watch уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман.

"Өзбекстандын өкмөтү Каракалпакстанда 2022-жылдын июлунда болгон окуяларды жаап-жашырып, аларды унуткаргысы келет. Бирок нааразылыкка чыккандарга каршы ашыкча күч колдонгон, адам өмүрүн кыйган сыяктуу мыйзам бузуулар үчүн жооптуулардын маселесин кароо талабы үч жыл мурункудай эле актуалдуу бойдон турат. Каракалпакстандагы окуялардан кийин АКШ, Евробиримдик, Британия, Адам укуктары боюнча жогорку комиссар сыяктуу эл аралык өнөктөштөр расмий Ташкентти көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Андыктан өзбек бийлиги андай чакырыкка кулак салып, Каракалпакстанда мыйзам бузгандарды жазалап, Даулетмурат Тажимуратовду абактан бошоткону өтө маанилүү", - деди Риттман.

1-июлда CIVICUS Monitor платформасында жарыяланган баяндамада Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк жана "Борбор Азиядагы адам укуктары" ассоциациясы каракалпак активисти Даулетмурат Тажимуратовдун тагдырына терең тынчсыздануусун билдирген.

Баяндамада Тажимуратов түрмөдө такай кыйноого, коркутууга жана басынтууга кабылып жатканы белгиленет.

"16 жылга эркинен ажыратылган адвокат, журналист жана укук коргоочу Даулетмурат Тажимуратовдун абалына өтө кабатыр болуп турабыз. Маалыматтарга караганда, ал ал түрмө кызматкерлеринин жана жаза өтөгөндөрдүн уруп-сабоосуна, кемсинтүүсүнө жана башка кыйноого кабылууда", - деди "Борбор Азиядагы адам укуктары" ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева.

2022-жылы 1-июлда Өзбекстандын Конституциясынын жаңы долбоору талкууланып жаткан учурда Шымбай жана Мойнак шаарларында нааразылык акциялары башталган. Көп өтпөй протесттик маанай Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономдук республикасынын борбору Нукус шаарына жеткен. Конституциянын жаңы долбоорунда референдум өткөрүү, Каракалпакстандын Өзбекстандан бөлүнүп чыгуусуна укук берүүчү беренени алып салуу сунушталган.

1-июлда ички иштер органдары жергиликтүү оппозиция лидери Даулетмурат Тажимуратовду кармаган. Ал тынчтык митингин өткөрүүгө уруксат алганын айткан. Көчөдө чогулган эл көбөйүп, митингчилер Тажимуратовду бошотууну талап кыла баштаган.

Кийин митингге Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын аскерлери келип, чогулган элге ок атылган. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча 21 адам каза болгон. Укук коргоочулар жабыркагандардын саны алда канча көп экенин айтып келишет.

2022-жылы 2-июлда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нукус шаарына барган. Ал Конституциядагы Каракалпакстандын статусуна тиешелүү беренелер өзгөрүүсүз каларын убада кылган.

Дагы караңыз

Жапаров Орусиядан кийин Азербайжанга барды"Абадан коргонуу тармагы колдоосуз калат". Украиналыктар АКШ курал бербейт деген кабарга кабатыр "Машине көп, жоопкерчилик жок". Секелектин өмүрүн алган жол кырсыгы