"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
6-январда Жогорку сот мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясынын узартылышына байланыштуу ишин кайрадан караганы турат.
Пандемиянын шартында cаясий кризиске баткан Кыргызстанга быйыл келген тикелей инвестициянын көлөмү үч эсеге азайды. Быйыл мурдагы жылдарга салыштырмалуу 200 миллион доллардан ашык каражат сыртка кеткен.
Соңку маалда кыргыз тилдүү социалдык тармактарды каптаган фейк, тролль жана боттор деген эмне, алар кантип иштешет? “Троллдор фабрикасы” жаадырган жалган маалымат менен бирөөнү каралоонун артында ким турат?
Алмазбек Атамбаев бийликте турганда бажы, салык тармагындагы коррупциялык схемалардын артында президенттин кеңешчиси Икрамжан Илмиянов турган. Бул тууралуу “Азаттык” менен болгон маегинде УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев айтты.
Өмүрбек Текебаев Садыр Жапаров менен жолугушканда эмне тууралуу сүйлөшкөнүн, анын айыптоолоруна да жооп берди.
Президенттикке ат салышууга БШКга арыз берген саясатчы Бактыбек Калмаматов өлкөдөгү абал, талапкерлерди чет элден колдоого байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Чек ара кызматынын эки офицери "Азаттык" менен болгон интервьюда «Манас» аэропорту аркылуу мыйзамсыз жол менен нак акча кантип чыгарылып турганын айтып беришкен.
Кыргызстанда парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн жылышы жана Конституцияны өзгөртүү аракеттери боюнча Венеция комиссиясынын ардактуу төрайымы Ханна Сухоцка “Азаттыкка” маек курду.
Дүйнөнү коронавирустун экинчи толкуну каптады. Улуттук өкмөттөр вирустун жайылышын ооздуктоо үчүн кайрадан катаң чараларды көрүп, кээ бир мамлекеттер жаз айларындагыдай карантин шартында жашап жатышат. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкунуна даярдыктар кандай?
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова 4-8-ноябрь күндөрү Польшада өткөн кыз-келиндер күрөшү боюнча эл аралык мелдеште алтын байгеге ээ болушту.
Акыркы 20 жылдын ичинде Европа менен Азияда кеминде он мамлекет парламенттик башкарууга багыт алды. Парламенттик өлкөлөр бай жана бакубат жашайбы? Конституциясын онунчу жолу өзгөрткөнү жаткан Кыргызстан алардан кандай сабак алышы керек? “Азаттыктын” видеосун көрүңүз.
Кыргызстанда 2021-жылдын 10-январында өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга БШКга арыз бергендердин саны 30га чамалады. Алардын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын мурдагы мүчөсү, менеджер Аймен Касенов да бар.
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров 7-ноябрда Москвада мигранттар менен жолугушту. Ал Кыргызстандагы соңку абал тууралуу мигранттардын суроолоруна жооп берди.
Тоолуу Карабакта атышуу токтобой, 6-ноябрга караган түнү үч жай тургун каза болгону кабарланды. АКШда бир күндө вирус 123 миң 85 кишиде аныкталды. Орусияда эмгек мигранттарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу 25%га азайды.
Соңку бир айда өткөн окуялар 5-октябрда “Ала-Тоо” аянтына чыккан жарандардын мүдөөсүнө канчалык туура келет?
«Foreign Lobby Report» порталынын негиздөөчүсү жана редактору Жулиан Пикей Кыргызстандын жаңы бийлиги менен канадалык компаниянын ортосунда түзүлгөнү айтылган лобби келишими тууралуу "Азаттыкка" ой бөлүштү.
АКШдагы президенттик шайлоо бул ирет эмнеси менен айырмаланды? Шайлоочулар тигил же бул талапкерге артыкчылык бергенде кайсы факторлорго көңүл бурушат? Вашингтондун Борбор Азия саясаты буга чейин кандай болуп келди жана кандай өзгөрүшү мүмкүн. АКШ менен Кыргызстан ортосундагы кызматташтык тууралуу ж
Октябрь айындагы саясий окуялардын Кыргызстандагы ишкердикке жана инвестициялык климатка тийгизген таасири тууралуу бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит “Азаттыкка” маек курду.
22-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармады.
Кыргызстанда парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу өлкөнүн дүйнөлүк сахнадагы аброюна кандай таасир этти.
Дагы жүктөңүз