"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка алынган жок.
6-октябрга караган түнү Бишкектин борбордук аянтында митингчилер менен милициянын тиреши уланды. Милиция кызматкерлери желим октор менен атып, жаш чыгаруучу газ колдонууда. Ал арада ыктыярчылардын тобу жарадар болгон жарандарга колун сунуп, жардам берип жаткан чагы.
Жогорку Кеңешке аттанган партиялар шайлоо өнөктүгүнө жарым миллиард сомдон ашык каражатты сарпташты. Мынча каражат кайдан келип жатат? Сарпталган акча менен шайлоонун жыйынтыгынын кандай байланышы бар?
Кыргызстанда 16 партия парламентке келип, мандат алууну көздөп турат. Жогорку Кеңешке өтүш үчүн бир партия кеминде канча добуш топтошу керек? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Жогорку Кеңеште 120 депутаттык орун бар. Бирок алтынчы чакырылышта Борбордук шайлоо комиссиясы 175 адамга депутаттык мандат бергенин билесизби? Толугураак "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосунан көрүңүз.
Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы учурунда жакындарын жоготкондор эмне үчүн массалык түрдө адам өмүрү кыйылганынын себебин териштирүүнү бийликтен талап кылышууда
Москвада кыргыз жарандары соңку айларда эле маңзат сатууга айыпталып, полициянын торуна түшкөн ондогон учур катталды. Кээ бири кокустан кайырмакка илинсе, бири жеңил акчага азгырылып, билип туруп эле кылмыш жасаган.
Жүз миңдеген мигранттын арасынан шайлоого туруктуу катышып жүргөндөрдүн саны 0,01% да жетпейт. Бул ирет Орусиядагы кыргызстандыктар бийликтен онлайн добуш берүүгө шарт түзүүнү талап кылып жатышат..
Бир нече күндөн бери Беларус тынчыбай жатат. Шайлоодогу бурмалоолор, адилетсиздик жана өзгөрүүнүн жоктугу элди толкутту. Бийлик түнкү демонстрацияларды аесуз басуунун аракетинде. Беларустагы окуялардан Кыргызстан кандай сабак алышы керек?
Соңку айда эле соцтармактарда бийликке каршы сын-пикир билдирип, тамаша сүрөт-видеолорду жүктөгөнү үчүн күч органдарынын назарына түшкөн же эскертүү алган учурлар көбөйдү. Юристтер демократиялык өлкөдө мындай аракеттер мыйзамсыз экенин баса белгилешет.
“Азаттык” пандемияда каза болгон маркумдардын элесин эскерип, "Пандемия: Кимди жоготтук?" деген долбоор баштады. Тизмеге киргендердин эң жашы бир жарым жашар наристе, эң улуусу 91 жаштагы Баатыр эне. Маркумдардын жакындарынын эскерүүлөрүн сунуштайбыз.
Орусияда миңдеген мигрант ушул тапта Кыргызстанга кайтуунун жолун издөөдө. Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду "Азаттык" кепке тартты.
"Пандемия: Кимди жоготтук?" тизмесинде маркумдардын артында өмүр, тагдыр, из, үмүт, кыял калганын жана жакындарынын алар тууралуу эскерүүлөрү жарыяланган.
Айрым активисттер Кыргызстандын президентине импичмент жарыялоо боюнча электрондук петицияга кол топтой баштаган.
Коронавирустан өпкөсү кагынгандарга “хижама даба экени” тууралуу видео соцтармактарга желдей тарады. Дарыгерлер бул ыкмага таптакыр каршы.
Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын кеминде 15-18% дарыгерлер. Бул - дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Илдет күчөгөн сайын кыргыз медицинасы адистерге муктаж болууда. Өлкөнүн кайсы аймактарында дарыгерлер жетишпейт?
Кыргызстанда коронавирус кризиси кайра күчөп, соңку маалда күн сайын ондогон адам өмүр кыйылып жатат. Эл дүрбөлөң түштү. Дары-дармек, ооруканада орун жана медиктер тартыш. Мындай абалдан чыгуунун жолу кандай? Адистер менен чогуу талкуулайбыз.
5-июлда кыргыз журналистикасынын чыгааны Бүбүкан Досалиева капысынан келген илдеттен улам дүйнөдөн кайтты. 20 жылдай өмүрүн "Азаттык" радиосуна арнаган журналист, продюсер, редактордун эмгек жолун эскерген атайын талкууну көрүңүз.
“Политклиника” онлайн медиасы пандемия учурунда медициналык каражаттарды алуу үчүн өткөрүлгөн тендерлерди иликтеди.
Европанын билим берүү системасынан Кыргызстан өрнөк алчу кандай мисалдар бар? Пандемия билим берүүнү канчалык өзгөртөт?
Дагы жүктөңүз