Бекзат Бектурган "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.
Кыргызстанда кыздардын чет өлкөгө чыгышына каршы топ пайда болду. Тыюу, чектөө менен кыздардын укугун коргой алабызбы? "Азаттык+" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышы ушул темага арналды.
Өспүрүмдөрдүн көбү өткөөл куракта чоңдордун жашоосуна эрте аралашып, өзүн ата-энеден көз карандысыз, эркин сезүүнү каалайт. Адистердин баамында, жетилүү курагы жылдан жылга "жашарып" баратат. Балакатка эрте толуунун артыкчылыгы жана өксүгү тууралуу "Азаттык+" берүүбүздө кеп кылабыз.
Кыргызстанда жумушсуздардын саны азайбаса да, жаштар өз киндигин өзү кесип, бирөөдөн жардам күтпөй эле башкаларды жумуш менен камсыздоого аракет кылууда. "Азаттык+" берүүсү бул жолу ошондой жаштар тууралуу сөз кылат.
Бала кезинде атактуу болуп, миңдеген күйөрман топтогон жылдыздар атактуулукту көтөрө алабы? Жаштайынан эл оозунда жүргөн ырчылар сахнадан түшпөй, атак-даңкын кармап калууга кепилдик барбы? “Азаттык плюстун” бул чыгарылышы жаш кезинде сахнаны багындырган ырчылар тууралуу болду.
Марс Жусукеев тубаса шал оорусуна чалдыккан. Паралимпиада оюндарына катышып, байгелүү кайтса, үйүн баш кошкон майыптарга өткөрүп берүү тилеги бар.
Жаштар арасында буйтка жерде же жертөлөдө жашынып желим жыттоо, эс-мас кылчу чөп-чар чегүү кеңири тараганы маалым. Учурда спайс, метамфетамин, экстази өңдүү адамды дендароо кылчу заттар кенен-кесири сатылат.
Кыргызстандын дизайнерлери Париж, Милан менен атаандаша албаса да, өлкөдө мода индустриясы жаңы тепкичти басып, жаңы горизонтторду багындырып жатат. Кыргызстандык чеберлердин саркеч кийимдер коллекциясынан жаңы дем, тайманбастык, өжөрлүк байкалат. "Азаттык плюстун" бул чыгарылышы Кыргызстандагы жаш
Ичте катылып жаткан дараметтин көзүн ачып, ийгиликти багындырууга шыктандырган өзүн өнүктүрүү тренингдери Кыргызстанда да тамырын жайды. Адамдын акыл, күчүн өркүндөтүүчү семинарлар муктаждыкпы же бизнестин бир түрүбү?
Бишкектин көчөлөрүндө "байыркы кесип" менен жан баккан кыздардын "соодасы" солгундай түштү. Интернеттеги онлайн секс индустриясы сойкулардын ишмердүүлүгүнө атаандаштыкты жаратып, денесин саткандардын нанын талашууда.
Аялдардын эл аралык майрамына карата Бишкекте феминисттик идеяларды карманган жүздөгөн адам жөө жүрүшкө чыгышты. Акцияга чыккандар аялдарга зомбулукка, трансфобияга жана гомофобияга каршы турууга, майыптарга болгон дискриминацияны жоготууга үндөштү.
Кыргызстанда бийликке аялдар көбүрөөк келсе, кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Бул жаатта коомдун пикири кандай? Бул суроону Бишкектин тургундарына узаттык.
"Азаттык+" берүүсү бул жолу тил маселесине кайрылды.
“Азаттык плюстун” бул чыгарылышы жөнгө салынбаган жөлөкпул, өкмөттү үмүттүү караган муктаж ата-энелер жана бюджеттеги акылга сыйбаган чыгымдарды чагылдырды.
Комиссия энергохолдингдин жетекчилерине катуу сөгүш берүүнү сунуштады. Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкты иликтөө боюнча мекеме аралык комиссия мындай сунушту Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жөнөттү.
Кыргызстанда карыялар көбүнесе үйдө небере багат же чарбалык менен алектенип, коомдук иштерден оолактай баштайт. Бирок төрдөн орун алып, сый-урматтын үстүндө жүрчү мезгилде өз балдарынын эле зомбулугуна кабылып, кордук көргөн учурлар, карыларга ташбоор мамиле күчөп баратат.
Укук коргоочу, экономист Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык жарыялап, 2002-жылы 7-февралда акциянын 22-күнү каза болгон. Назаркуловдун өлүмү Кыргызстандын тарыхындагы айрым орчундуу окуяларга себеп болду.
Бир кездери окуу жайлар арасында байрак башы саналган Улуттук университеттин студенттери имаратта билим алуу мүмкүн эмес деп нааразы. Кыргызстандын ЖОЖдорундагы билим берүүнүн сапаты жана шарттары окууга төлөнгөн каражатты актап жатабы?
Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин басууга барган кыргызстандыктардын арасы суюлуп баратат. Апаатка катышкандар радиациянын залакасынан бүгүнкү күнгө дейре жапа чегүүдө.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда ажырашкандардын саны жыл сайын 9 миңге жетет.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, ажырашкан жубайлардын саны жыл сайын өсүүдө. Адистер буга үй-булө куруу жоопкерчилигинин жоктугу, ак никенин касиети менен барк-баасынын жоголушу себеп болууда деп коңгуроо кагышууда.
Дагы жүктөңүз