"Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эгемендик жылдардан баштап Кыргызстанда жалпысынан 7 миңден ашык мамлекеттик объект менчиктештирилип кеткен. Алардын кыйла бөлүгү социалдык имараттар. Акыркы жылдары алардын 61и гана мамлекетке кайтарылды.
Кыргызстандын муфтияты кечээ "балдарды эмдөө динге каршы келбейт” деген билдирүү таратты. Анткен менен жер-жерлерде диний ишенимге байланыштуу эмдөөдөн баш тарткандар дарыгерлерди тынчсыздандырууда.
Социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы боюнча расмий каттоодо турган 160 миңден ашык жаран бар. Бул макалалар топтомунда алардын күндөлүк жашоо-тиричилигинин айрым өңүттөрү тууралуу сөз болот.
Каракол шаардык кеңеш түзгөн атайын комиссия турак жайларды жылуулук жана ысык суу менен жабдуу ишин текшерип жатат. Буга Кашка-Суу жана Восход кичи районундагы көп кабаттуу үйлөргө декабрь айынан бери жылуулук жана ысык суу берилбей калгандыгы себеп болду.
Түп районуна караштуу Долон айылында бир канча аянтты ээлеген көл бар. Кыш чилдеде ал тоңуп, айыл жаштарынын муз тебүүчү аянтына айланат.
"Азаттык” радиосу атайын радиобаяндар түрмөгүндө бул ирет төрөт курагындагы элеттик аялдардын саламаттыгына кайрылды. Айылдык аялдардын ден соолугу чукул көңүл бурууну талап кылат.
7-январда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Эшме аймагынан кыргыз-кытай чек арасын мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адам кармалды.
Соңку кезде милдетин өтөп жүргөн жоокерлердин аскер кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алынганы көп катталууда.
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы Леонид Раппопорт атындагы аллея кыйылууда. Жергиликтүү бийлик өткөн кылымдын 30-жылдары тигилген бул аллея ордуна сентябрда өтчү “Көчмөндөр оюндарына” ылайыкталган автоунаа токтоочу жай куруларын айтууда.
Бостери айылындагы 1926-жылы тигилген Раппопорт аллеясы кыйылууда. Айыл башчысы Тимур Айылчиев 80 жыл мурун тигилген бактын ордуна сентябрда өтчү "Көчмөндөр оюнуна" карата автоунааларды токтотуучу жай куруларын айтууда. Анын айтымында, кыйылган бактар жакыр үй-бүлөлөргө отун катары таратылат.
Ысык-Көлдүн жээгинде мусулмандарга ылайыкташкан пляж ачылды. Анын өзгөчөлүгү - эркек-аялдар сууга өз-өзүнчө түшөт. Андан тышкары эс алуучу жайдын жанындагы ашкананын тамактары мусулманчылыктын талаптарына ылайык жасалат.
Жети–Өгүз районунун тургундары быйылкы өрүктөрүн сатышууда. Бул мезгилди жергиликтүүлөр “Сары кыздын тою” башталды деп тергешет. Өрүк сатуу менен бул чөлкөмдө жүздөгөн үй-бүлөлөр бюджетин толтурушат. Бул жактын өрүктөрү Казакстан, Орусияга чейин таанымал.
Өткөн аптанын этегинде Ысык-Көлдүн боюнда мөмө-жемиштердин көргөзмө-жармаңкеси өттү.
Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ак-Булуң айылында жайгашкан “Мээрим булагы” жеке менчик балдар үйүнүн тегерегинде 2013-жылы чыр чыккан.
Кыргыздын жайда салкын, кышта жылуу, кол өнөрчүлүктүн туу чокусу болгон боз үйү. Көңүл бурдурган бул боз үйдүн өзгөчөлүгү жети бөлмөлүү. Аны ойлоп таап, ишке ашырган уста Кайым-Арык айылынын тургуну Салават Имашев.
"Каракол" улуттук жаратылыш паркы 1997-жылы 15-апрелде түзүлгөн.
Ысык-Көл облусунун күңгөй жээгиндеги эс алуу үйлөрдөн чыккан саркынды сууну чыпкалоочу жайлардын жоктугу, болсо да иштебей турганы көйгөй жаратууда. Жергиликтүү бийлик бул багытта эреже сактабаган эс алуу жайларына иштөөсүнө тыюу салынарын айтууда.
Ысык-Көл облусунда өткөн түнү катуу шамал жүрүп, айрым райондор жарыксыз калды. “Чыгышэлектр” ишканасынын маалымат катчысы Айдина Темиралиеванын айтымында, Каракол, Балыкчы шаарларында, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунда 50гө жакын жогорку чыңалуудагы зым үзүлгөн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен. Түнкүсүн атайын авариялык топ чыгып, 15 линияны оңдого жетишкен. Оңдоо иштери дагы уланууда.
Чарльз Лиз Францияда жашайт. Кесиби - жыгач уста. Учурда ал кыргыз боз үйүн жасап сатат.
Дагы жүктөңүз