"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-журналисти, фотограф. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун фото-сынагынын жеңүүчүсү. 2006-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетин аяктаган.
Борбор азиялык немистер Германияга 1990-жылдардын башында кете баштаган. Ал кезде немис өкмөтү тарыхый журтуна көчүп келген немистерге бир топ жеңилдиктерди берген.
Катар калкынын саны жагынан Кыргызстандан кеминде эки жарым эсе, аянты жагынан 17 эсе кичинекей өлкө. Перс булуңундагы бул мамлекет ички дүң жыйымдын жан башына үлүшү боюнча дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири.
Дохада Азия кубогу финалдык баскычына жетти. Бул жолку мелдеш сенсацияга бай болду. Өзбекстандын жана Тажикстандын командалары чейрек финалга жетти. Кыргызстан тайпадан чыга албаган сегиз команданын бири болуп калды. Азия кубогунун кыргыз футболу үчүн сабагы кандай? “Азаттык” Катардан баяндайт.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун тайпалык акыркы оюнунда Оман менен 1:1 эсебинде тең чыгып, мелдештин плей-офф баскычына өтө албай калды. "Азаттыктын" журналисттери оюндан кийин "акшумкарларга" кезигип, алардын ой-пикирин да сурады.
Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабиясынын оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилди. "Акшумкарларды" сүрөгөн күйөрмандар Эр-Райян шаарындагы Ахмед бин Али стадионун шаңга бөлөдү.
Быйыл "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын ачылганына 70 жыл толду. Эң башында Түркстан редакциясы деп аталган кызмат кандай миссия аткарганын радионун архивдик материалдарын барактап, сереп салдык.
Саламат Тентимишов жубайы Нурсел менен Сан-Франциско аймагында эки жыл мурун ресторан ачкан. "Америка кыялына" жетеленип барган мекендештин ийгилигинин сыры эмнеде? "Азаттыктын" журналисттери 12 жыл мурун АКШга энесине жардам бергени барып, кийин өз алдынча бизнес баштаган мекендешти кепке тартты.
Британияга сезондук иштерге барган эмгек мирганттары жылдан жылга көбөйүүдө. Өкмөттөр аралык келишимдин негизинде кыргызстандыктар алты айга чейин барып иштеп келишет. Быйыл Британияга 2 миңдей киши айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн.
Борбор Азиядагы, анын ичинде Кыргызстандагы экономикалык кыйын кырдаал миңдеген мигрантка АКШга Мексика аркылуу кооптуу жол менен кетүүгө түрткү болууда. "Америка кыялына" жетеленген мекендештер бир нече өлкөнү мыйзамсыз кесип өтүп, каракчылардын колуна түшүп, узак жолдо өмүрүн тобокелге салышат.
"Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеди. Эскертүү: айрым сүрөттөлүштөр үрөй учурарлык болушу мүмкүн.
Арменияда саясий кризис тереңдеди. Пашинян Конституцияны өзгөртүп, жарым жартылай президенттик башкарууга кайтууну сунуш кылды. Кошуна Грузияда оппозиция лидерин коргоп чыккан премьер Гахария кызматынан кетти.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров алгачкы эл аралык сапарын Орусиядан баштады. Кыргызстандын жаңы бийлиги расмий Москва менен кандай тышкы саясат жүргүзөт? Батыш менен мамилеси бузулуп, санкция артынан санкцияга туш болгон Орусиянын Борбор Азия саясаты кандай болушу мүмкүн?
Адистер калктын 70% эмделсе, пандемияны ооздуктаса болорун айтышат. Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөгө даярдык кандай жүрүп жатат? Жөнөкөй адамдар эмделүүгө канчалык дилгир, кыска мөөнөттө иштелип чыккан препараттарга элдин ишеними кандай?
Transparency International уюмунун жаңы баяндамасында Борбор Азия мамлекеттери коррупция кеңири тамыр жайган өлкөлөрдүн катарынан чыккан эмес. Жаңы бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнөн кандай жыйынтык күтсө болот? Бул суроолорду “Биз жана дүйнө” программасында талкууладык.
Михаил Саакашвили бажыдагы коррупция, саясат менен криминалдын жуурулушуп кетишине каршы кандай майнаптуу күрөш жүргүзсө болору тууралуу кеп-кеңешин айтты.
Кыргызстандын соңку 30 жылдык тарыхында 23 өкмөт башчы алмашса, анын онуна кылмыш иши ачылган. Алардын кээ бири түрмөгө кесилсе, беш экс-премьер издөөдө жүрөт.
Орусияда оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын камалышына жана коррупцияга каршы акцияларга суука карабай мурда болуп көрбөгөн санда киши катышты. Элдин мындай жапырт нааразылыгы эмнеден кабар берет?
Кыргызстан дүйнөнүн көп өлкөлөрү колдонуп жаткан «Pfizer/BionTech» вакцинасын алуудан баш тартты. Буга вакцинанын аз өлчөмдө сунушталганы жана сактоо шартынын жоктугу себеп болду. Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.
10-январда өтчү президенттик шайлоодо Москвада добуш бере турган кыргыз жарандары 10 миңге чамалады. Бул ирет Орусиянын аймагында 15 шайлоо тилкеси ачылса, анын бешөө башкалаада болот.
Дагы жүктөңүз