Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:47

Трамп: Украинага абадан коргонуу үчүн Patriot системасы керек


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп, жума күнү Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин, бул өлкөгө коргонуу үчүн зениттик Patriot ракеталык комплекси керек экенин билдирди.

"Зеленский менен жакшы сүйлөштүк", - деди Трамп. Ал президенттик учактын бортунда журналисттерге жооп берип жатып: "Ракета алардын коргонуусу үчүн керек. Анткени аларды катуу аткылап жатышат", - деди.

Трамп "Patriot" комплекси "мактоого арзырлык курал" деп айтты.

Украина АКШга Орусиянын ракета жана дрон чабуулдарынан коргонуу үчүн кошумча "Patriot" ракета комплекстерин сурап, бир нече жолу кайрылган.

АКШнын лидери Дональд Трамп менен телефондон "өтө маанилүү жана пайдалуу сүйлөшүү" болгонун Украинанын президенти Владимир Зеленский 4-июлда Телеграм каналына жазды. Ал Трамп менен абадан коргонуу системасы - АКШнын аскердик жардамы, анын ичинде Patriot2 ракеталары тууралуу сөз болгонун жазды.

Вашингтондун Украинага курал, анын ичинде Patriot комплексин да берүүнү токтотуу чечими Киевди кыйла кабатыр кылган. Германия учурда АКШ менен аталган ракета комплекстерин Украинага берүү үчүн сатып алуу маселесин сүйлөшүүдө. Бирок азырынча эч кандай чечим чыга элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG