Британия ишембиде Сириядагы көп жылдык жарандык согуштан кийин бул өлкө менен дипломатиялык алакасын калыбына келтиргенин жарыялады.
“Сирия калкында жаңы үмүт пайда болду. Жаңы өкмөттүн бардык сириялыктар үчүн туруктуу, коопсуз жана гүлдөгөн келечекти куруу боюнча милдеттенмелерин аткаруусуна колдоо көрсөтүү – биздин кызыкчылыгыбызда”, - деди британиялык тышкы иштер министр Дэвид Лэмми.
Дипломат 5-июлда иш сапары менен Сириянын борбору Дамаскка барды. Ал колдоо катары 95,5 миллион фунт стерлинг бөлө турганын убадалаганын Reuters агенттиги жазды.
Бир нече жылдык ички жаңжалдан кийин “Хайят Тахрир аш-Шам” тобу жетектеген козголоңчулар Башар Асадды декабрда президенттик кызматтан кулаткандан соң, Батыш Сирияга болгон мамилесин акырындык менен кайра карап чыга баштады.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Сирияга салган экономикалык санкцияларын жокко чыгарганын жарыялаган.
Шерине