4-июль күнү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) башчысы Мурат Боронов көлгө чөгүп бараткан үч кызды аман-эсен алып калган милиция кызматкери Сыймык Токтогул уулун "Ардак грамота" менен сыйлады.
Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кайгуул-күзөт кызматкери Сыймык Токтогул уулу 1-июлда Чолпон-Ата шаарындагы шаардык пляжда үч кыздын өмүрүн сактап калган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөккөн. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган.
2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза болгон, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)